Кыргызстанда альпинизмди жөнгө салуу максатында 6000 метрден жогору чокуларга чыгууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу демилгечи, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө альпинизм жана тоо туризми активдүү өнүгүп жатканына карабастан, бул тармакта укуктук боштуктар сакталууда. Өзгөчө коопсуздук, экология жана уруксат (пермит) берүү маселелери көңүл чордонунда.
Мыйзам долбооруна ылайык, альпинисттер 6000 метрден ашкан чокуларга чыгуу үчүн атайын пермит алышы керек. Бул уруксаттан түшкөн каражат инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, куткаруу иштерин каржылоого жана табиятты коргоого жумшалмакчы.
Ошондой эле, альпинисттерге таштандыны ылдый алып түшүү милдети жүктөлөт. Чукул кырдаалдарда ыкчам чара көрүү камсыздандыруу системасы аркылуу ишке ашырылат.
Мыйзам долбоору альпинист Наталья Наговицынанын окуясынан кийин коопсуздукту күчөтүү зарылдыгы көтөрүлгөн шартта сунушталды.