"Эркин-Тоо"
Тарыхый кадам Эркин Тоо гезити

67 МИЛЛИОН СОМГО ТУРГУЗУЛГАН АСКЕР КОМИССАРИАТЫ

6-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда аскер комиссариатынын жаңы имараты ачылды. Салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Коргоо министри Руслан Мукамбетов, Кочкордон чыккан генерал‑лейтенант, кезегинде эки ирет коргоо министри болгон Таалайбек Өмүралиев, коомдук жана саясий ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, ардагерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана райондун тургундары, жаштар катышты.

Район үчүн мааниси зор иш-чарага атайын ат арытып келген генерал-полковник Камчыбек Ташиев өз сөзүндө өлкө жетекчилиги тарабынан соңку жылдары улуттук жана аскердик коопсуздукту чыңдоого, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнө татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Көз жоосун алган заманбап имараттын ар бир бөлмөсүнөн өйдө кыдырган Камчыбек Ташиев салтанаттын соңунда Кочкор районунун аскер комиссарына ВАЗ-2121 “НИВА” автоунаасынын ачкычын, компьютердик жабдуулардын комплектисин тапшырды. Иш-чаранын катышуучулары комиссариаттын инфраструктурасы менен таанышып, сүрөткө түшүштү. Ошондой эле аларга майрамдык концерт тартууланды.

Буга дейре район тургундарына аскер комиссариат эскилиги жеткен, аргасыз абалдагы имараты менен белгилүү болгон. Эки жылга жетип-жетпеген убакытта эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин эсебинен эң кыска мөөнөттө курулду. Тагыраагы, 2023-жылдын декабрь айында курулушу башталган имарат бүгүн район борборундагы заманбап жаркыраган мекемеге айланган чагы. Имараттын курулушу менен андагы кызматкерлерге бардык ыңгайлуулуктар эске алынып, акыркы үлгүдөгү материалдык-техникалык база камтылса, комиссариаттын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон кеңселер жана жайлар каралган.

Оорукананын курулушун баштоого “старт” берилди

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин Кочкор районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аскердик комиссариаттын ачылышынан соң райондук оорукананын абалы менен жеринде таанышты. Анда эскилиги жеткен бир катар имараттарды бузуп, 4 кабаттан турган эки имарат курууну жана оорукананын айланасын жашылдандырууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды. Өзгөчө райондун акими Баялы Досалиевге айрым тоскоолдуктар жаралса алакан жайып, көрүнгөн шылтоонун башын айтпай, берилген тапшырмаларга тез арада билек түрүнө шымалана ишке кириши керектигин генерал Камчыбек Ташиев тарабынан милдеттендирди. Ал эми курулуш иштерине тийиштүү акча каражаты Президент Садыр Жапаровдун стабилдештирүү фондунан каржыланары белгилүү болду. Алдыда курулуш иштерин тез арада баштоо жана анын сапатына, иштин аткарылышына тыкыр көз салуу милдети жергиликтүү УКМК бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилди.

Райондун тарыхында болбогон 900 миллион сом

Кар жатпас касиеттүү Кочкор районуна болгон сапарынын алкагында Камчыбек Ташиев райондогу бир катар ири социалдык маанидеги объектилерди жеринен көрүп чыкты. Анын ичинде райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун абалы менен таанышып, аны түп-тамырынан жаңылоо зарылдыгын белгиледи. Жаңы долбоор боюнча төрт кабаттан турган эки имарат жана дарыгерлер үчүн атайын жатакана курулат. Бул ири иштерге 500 миллион сом багытталат. Атайын кызматтын башчысы тарабынан райондогу маданий-спорттук чөйрөгө да өзгөчө көңүл бурулду. Кочкор районунун борборундагы Ормон Хан атындагы стадионду кеңейтүү жана кошумча шарттарды түзүү үчүн 100 миллион сом бөлүнсө, ошол эле айылдагы 5 гектар аянттагы сейил бакты толук реконструкциялоого дагы 100 миллион сом жумшалат. Мындай өзгөрүүлөр жергиликтүү калк үчүн эс алуу жана маданий жайларды жаңы деңгээлге чыгарат. Ал эми спортко кызыккан жаштар үчүн Кочкор райондук спорт мектеби заманбап талаптарга ылайык жаңы спорт комплекси болуп курулат. Аталган долбоорго 200 миллион сом каралган. Камчыбек Ташиев өз сөзүндө бул иш-чаралардын максаты – Кочкор элине ыңгайлуу шарттарды түзүү, аймактын өнүгүшүнө түрткү берүү экенин белгилеп, райондун жетекчилигине долбоорлорду тез арада ишке ашырууну тапшырды.

Райондун тарыхында мындай саамалыктар буга чейин болбогондугун жергиликтүү тургундар жашырышкан жок. Биз алардын айрымдарын сөзгө тарттык.

Кочкор районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Бактыяр Раманкулов: “Бир күндө эмес, 1 жылда да 900 миллион которулган эмес”

— Соңку убакта өлкө жетекчилиги тарабынан аймактарга өзгөчө көңүл бурулуп, жакшы саамалыктар бюрократиядан тыш, тез чечимдер менен ишке ашууда. Башкаларын айтпаганда да Кочкор районуна элдик генерал Камчыбек Ташиевдин жеке аракети менен бир күндүн ичинде 900 миллион сом бөлүнүп берилмей болду. Бул эмне деген аракет? Эгемендүүлүк ичинде хандар-бектер чыккан касиеттүү Кочкорубуздан кыргыз өкмөтүн башкарган 3 жетекчибиз чыккан. Менимче, алар бийликте турганда да Кочкорго 1 күндө эмес, бир жылда да 900 миллион сом которулбаса керек. Ушул ыңгайдан пайдаланып, бир сунушту силердин гезит аркылуу айта кетейин. Камчыбек
Кыдыршаевич эми бир чыгынып, Кочкор районунун күн батыш аймагындагы айылдарыбызга келип, оңдоп-түзөө талап кылынган маданият үйлөрүн бир кыдырып чыкса иш дароо чечилмек. Ушул сөзүмдү кеспей берсеңер балким үнүбүздү элдик генерал угуп калаар деген илгери үмүттөмүн.

Калыгул Бейшекеев