"Эркин-Тоо"

ЧЫРЫ БҮТПӨГӨН УЛУТТУК КИТЕПКАНА

                                                                           Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго, Жогорку Кеңештин Төрагасы Н.Т.Шакиевге,

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Ү.Жапаровго,

КР Улуттук Коопсуздук Кызматынын Төрагасы К.К.Ташиевге,

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Максутовго

 

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу эл башчылары!    А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын төмөндө аты аталган кызматкерлери  директор Н.Иманкулованын мыйзамсыз жана эч бир кызматтык этикага сыйбаган иш-аракетинен улам жамаатта оор кырдаал түзүлгөндөн улам сиздерден жардам сурап кайрылууга аргасыз болуудабыз.

А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана 1934-жылы түптөлгөн. Республикадагы 6 миллиондон ашык китеп фонду бар, бүгүнкү күндө өлкөдө эң чоң китепкана. Жети дубандын китепканаларынын илимий-методикалык Борбору.

Биз, Улуттун жүзү болгон ушундай республикалык маданий очоктун жетекчиси — бардык квалификациялык талаптарга жооп берген, жогорку интеллектуалдуу, мамлекеттик жетекчилик кызматта тажрыйбасы мол, татыктуу адам болуш керек деп эсептейбиз. Албетте, ар бир адамдын кулк-мүнөзү ар башка. Бирок, жетекчи субординация, жүрүм-турум маданияты боюнча катардагы кызматчылардан айырмаланып турушу керек. Жалпы жааматтын ыркын бузбай, баарына бирдей тең карап, административдик да, өндүрүштүк да маселелерди объективдүү, туура чечиши керек. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй сый мамиле болушу керек  деп эсептейбиз.

Иманкулова Нуржан Ракимовна Улуттук китепканадагы 6-жетекчи. Жетекчиликке 2021- жылдын май айында келген. Тилекке каршы, бул айымда жогоркудай жетекчилик сапаттардын бири да жок болуп чыкканы өтө өкүнүчтүү болду.

Н.Р. Иманкулова жамааттын кызматкерлеринин мүмкүнчүлүгүн Улуттук китепкананын  пайдасына пайдалана алган жок. Ал иштеген бир жарым жыл аралыгында коллективдин моралдык-психологиялык абалы абдан эле кыйын кырдаалга кептелип калды.

Мамлекеттик кызматкердин этикасы дегенден түшүнүгү жок. Айрым кызматкерлерге, өзгөчө жаштарга атырылып бир тиймей, себебин билбей туруп эле күтүүсүздөн жекирмей, адамдын кебете, кешпирине асылып кемсинтмей сыяктуу жапайы мамилеси коллективдин үрөйүн учурду.

Мындай мамилеге ызаланган көптөгөн мыкты адистер (57 кызматкер) арыздарын жазып кетип калышты.  Жакында эле директордун куугунтугунун таасиринен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, китепкананын кызматкери Анарбек Сардарбеков инсульт алып, ооруканага  түштү.  Директордун орун басары, атайын китепкана адистиги боюнча жогорку билими жана 25 жылдык иш тажрыйбасы бар Анара Шакированы  негизсиз кысымга алып,  кызматынан  ылдыйлатам же сөгүш берем деп кечке асылып,  акыры өзү жокто кабинетинен чыгаруу аракетин жасап, иштөөгө тоскоол жаратууда.  Мындай мисалдарды оголе көп келтирсек болот. Н.Иманкулова адистердин ой-пикирин айттырбай, кекетет. Бөлүм башчылардын позициясын уккусу келбейт, өзүнүн айткандарын гана жасаткысы  келет. Кайсы кызматкер кандай олуттуу иш кылып жатканы менен иши да жок.  Китепкананын кызматчыларын “Это моя команда” (өзү орус тилдүү, кыргызча эки ооз сөз сүйлөй албайт) деп, эки жаатка бөлүп, эки-экиден уруштуруп, ызы-чуу салды. Мына ушундан улам, бул айымдын техникалык эле билими  бар, китепкана иши боюнча эч кандай түшүнүгү жок  жана квалификациялык талапка эч жооп бербестиги  айдан-ачык болууда.  Мамлекеттик жетекчи кызматта да тажрыйбасы жок.

Мындай кордукка кайдыгер карап тура албаган жааматтын Жогорку инстанцияга даттануусунан кийин көптөгөн финансылык мыйзам бузуулардын бети ачылды.  Көрсө Н.Р. Иманкулова ал жагынан  “абдан эптүүлүгүн” көрсөтүптүр.

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынан келген аудитор директор өз чөнтөгүнө салып алган 780 000 сомду таап чыкты. Башкы прокуратурадан келген прокурордун текшерүүсүндө бухгалтериянын табелине кирген, бирок чындыгында китепканада иштебеген көп сандагы кишилердин фамилиясы аныкталды.  Жалпы иштебеген 18 жаранга (“өлүү жандар”) 2 141 122 сом эмгек акы чегерилип, мыйзамсыз төлөп берилгенин бети ачылды.

Китепкананын залдары  күндө ижарага берилет, андан түшкөн акчаларды бухгалтериянын кассасына өткөрбөй, өз чөнтөгүнө салып жүргөнү, профсоюздук уюмунун акчасын да каалагандай пайдаланганы билинип калды. 2021-жылдын январь айынан 2023-жылдын январь айына чейин Китепканадагы чоң жыйындар залын бир саатын 2500 сом, ал эми кичинекей жыйындар залын 1500 сомдон ижарага берилип, материалдык жооптуу кызмат адамдары 37 500  сом акча каражатын гана кириштеп, 248500 сом акча каражаттарын кириштебей өздөрүнө сиңирип алган.

Финансылык бузууларды көз көрүнөө жасап, 2022-жылдын аягында китепкананын атайын эсеп боюнча экономдолгон 100.000 ден ашык акчасын өзү баш болуп айлана-тегерегиндеги кошоматчылары менен 10.000 сомдон бөлүп алышкан. Бул акча китепкананын кызматкерлеринин баарына бирдей тиешелүү акча. Кызматкерлердин бардыгына бөлүштүрүлүшү керек болчу. Бул жетекчинин коллективдин эмгегин баалабагандыгын, сыйлабагандыгын көрсөтөт.

Иштен убактылуу четтетилгенден кийин дагы китепкананын кампасынын  кулпусун буздуруп 10 даана стеллаж (китеп текчелерин) кечки кароолдо турган кызматкер аркылуу (8 май 2023 жылы  китепкана толук ишетебеген күнү) чыгартып темирлерди темир алынуучу жайга өткөрүп жиберген.

Жалпысынан мамлекетке ири өлчөмдө 3 875 106 сомдук  материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Ушул жана башка көп кемчиликтерин тактап жазып,  Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт  министрлигине, министрге, анын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө арыз менен кайрылганбыз.  Эсеп палатасынын аудиторунун, Башкы прокуратуранын прокурору тапкан каржылык мыйзам бузуулары оркоюп турса дагы эч кандай чара колдонулбаганы таң калтырат.

Улам бир жерден жумушка жараксыздыгы жөнүндө баракча ачтыра калып жүрүп, 2023-жылы май айынан баштап Н.Р. Иманкулова иштен убактылуу четтетилген. Бирок ушунча кылык-жоругунан кийин Н.Р. Иманкулова мыйзамсыз бошотулган, “аппак киши” болуп кайра Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин сотко берип,  соттун чечими менен кайра кызматына отуруп алганын кандай түшүнүүгө болот?!

Бир кылымдан бери түптөлүп, жакшынакай иштеп келе жаткан китепкананы ушундай акыбалга алып келип, 4 миллионго жакын сомду сиңирип, канча адамды жүрөк ооруга чалдыктырып, анан кайра директордук орунга келүүгө кандай укугу бар? Өлкөнүн башкы китепканасы КМШдагы Улуттук китепканалардын деңгээлинен артта калууда. Бул жетекчибиз ал жактардын директорлору менен тең ата сүйлөшо албайт. Ал эмес китепканадагы  бөлүмдөрдүн эмне иш жасаарын толук билбейт (жалпы бүгүнкү күнү 22 бөлүм бар).  Мисалы: Справкалык-библиографиялык бөлүм, Улуттук библиографиялык бөлүм эмне иш аткарат билбейт жана  ага кызыкпайт дагы.

2024-жылдын, 5-мартында министрдин орун басары Т. Ажималиев  министрдин буйругун окуп, кайра ордуна отургузуп кетти.

Биздин өлкөдө мыйзамдар мындай адамдарга иштебей калгандай болуп жатат. Ушунча кылмыш жасап, кайра эле баарын жаап, кайра мамлекеттик жетекчи кызматка иштей берсе болобу деп кыжалаттабыз.

“Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун”, деген эң туура макал бар.  Кыргыз Республикасынын көзгө басаар Улуттук китепканасы ушу күндө атайын билими бар, ишти алдыга жылдырып кете ала турган  мыкты адис, күчтүү жетекчиге муктаж болуп турат.

Учурда Улуттук китепкананын  кызматкерлери, ар кимибиз өз  кызматтык милдеттерибизди так билген үчүн, так аткарган үчүн  гана иш жүрүп жатат.

Биз сиздерден Улутук китепканадагы абалды көзөмөлгө алып, директор Н.Иманкулованын ишине мыйзамга ылайык адилет баа берип чечим кабыл аласыздар деп  үмүттөнөбүз.

 А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын кайдыгер эмес кызматкерлери:

 

 

 

 

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!