"Эркин-Тоо"

МЫКТЫ ДАРЫГЕР – ЭҢ БИРИНЧИ ЖАКШЫ АДАМ

Бишкектеги “Принт Экспресс” басмасынан көрүнүктүү илимпоз, медицина илимдеринин доктору, профессор, маркум  Султангазы Орозобековдун  дарыгерлик өмүр жолуна арналган “Окумуштуу дарыгер” аттуу көлөмдүү китеп жарык көрдү. Аталган эмгекте окумуштуунун инсандык калыптануусу, адистик-дарыгерлик, жетекчилик ишмердиги замандаштарынын, илимпоз-окумуштуулардын серептеринде ар тараптуу ачылып берилген.

Кыргызстанда Жалпы стоматологиядан – Балдар стоматологиясын бөлүү, эгемендиктин алгачкы жылдарынан Балдар бет-жаак хирургиясына жаңыча мамиле – айрыкча балдар бет-жаагынын тубаса кемтиктерин (эриндин ачыктыгы – же “коен эрин”, таңдайдын боштугу – же “бөрү таңдай”, дагы башка ооз-мурун кемтиктери) дарылап айыктыруу, медицина илимдеринин доктору, профессор Султангазы Орозобековдун  ишмердиги менен терең байланыштуу. Анткени өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин Кыргызстанда жогоруда белгиленген балдардын тубаса бет-жаак кемтиктерин операциялоо анча колго алынбай келген, мындай жоопкерчиликтүү татаал ишке  дарыгерлер да көп даай албаган.

Эгемендиктин алгачкы башаламан жылдарында борбордогу эле эмес, элеттердеги стоматологиялык бейтапканалар да менчиктештирилип кетүү коркунучунда турду. Муну астейдил  туйган Султангазы Бакирович стоматологиялык бейтапканаларды мамлекеттин карамагында сактап калуу аракетин көрүп, республиканы түрө кыдырып өзүнө пикирлештерди, тилектештерди чогултту. Ошентип Жалпы стоматологиядан – Балдар стоматологиясы бөлүнүп чыгып, Жал кичи районундагы Балдар ооруканасында атайын бөлүм, ал эми Кыргыз Медицина Академиясында Балдар стоматологиясы кафедрасы ачылып иштей баштайт. КММАнын Балдар стоматологиясы кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын стоматологдор Ассоциациясынын алгачкы президенти Султангазы Орозобеков “Сорос-Кыргызстан”, “Ататүрк” фонддору, “Колгейт Палмолив”, “Проктер энд Гэмбл” өңдүү компаниялар менен тиш ооруларынын алдын алуу технологиясы боюнча тажрыйба алмашуу максатында тыгыз иштеше баштайт. Дарыгер-хирургдук, илимий-изилдөө иштеринен сырткары чет элдик алдыңкы медициналык компаниялар менен байланышып, Кыргызстанга бет-жаак хирургиясына зарыл заманбап медициналык шаймандарды тартуунун аракетин көрөт.


Стоматологдордун Эл аралык конгрессинде чет өлкөлүк кесиптештери менен

Ал ортодо 2002-жылы күзүндө Султангазы Орозобеков “Применение аутоаллогенных трансплантантов в пластике дефектов и деформаций опорных тканей лица” деген темада докторлук диссертациясын коргоп, анын алкагында “Атлас челюстно-лицевой хирургии” аттуу китебин даярдоонун үстүндө изденет. Султангазы Орозобеков сексенден ашык илимий макалаларды жазып, бир монография, бир нече окуу-усулдук курал чыгарган жана 2 ойлоп табуунун, 4 рационализатордук сунуштун автору катары патент алууга жетишкен. Андан сырткары, кылым башында Кыргызстан стоматологдорунун I cъездин, имплантологдордун, бет-жаак хирургдарынын, стоматологдордун Эл аралык I конгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн эң жигердүү демилгечилеринин башында турган. Ошондой эле КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы стоматологу, КММАнын Кайра даярдоо жана кесиптик даярдыкты жогорулатуу, бет-жаак жана пластикалык хирургия, стоматология кафедрасынын башчысы катары бир топ демилгелүү иштерди аркалады.

Султангазы Орозобековго учурунда канчалаган тубаса кемтиктер менен төрөлгөн наристелерге (“коен эрин”, “бөрү таңдай”, дагы башка кулак, эрин, бет-жаак кемтиктери) пластикалык операцияларды жасоого туура келбеди. Баланын жүзүндөгү кемтикти алып, жүзүн бузуп албай чырайына келтирүү – хирургдан кандай гана психологиялык толгонууларды, жоопкерчиликти, чеберчиликти талап кылары түшүнүктүү. Султангазы Бакировичтин балдардын бет-жаак сөөктөрүндөгү тубаса кемтиктерин калыбына келтирүү боюнча иштеген уникалдуу илимий эмгеги “Атлас челюстно-лицевой хирургии” деп аталат. Бул эмгекте адамдын бет-жаак сөөктөрүндөгү табигый кемтиктерди калыбына келтирүүнүн жүздөгөн ыкмаларынын кыл майда сүрөттөрү, сыпаттамасы, усулдугу берилген. Ооба, Султангазы Бакирович канча жүздөгөн наристелердин чырайын ачып жылмайтып, канчалаган ата-энелерди кубанычка, бакты-таалайга бөлөдү.


Кыргыз Республикасынын Баатыры, таякеси Түгөлбай Сыдыкбеков менен

Султангазы Бакировичтин мыкты инсан болуп чыгышында, албетте атасы Бакир ата менен апасы Гүлжамый апанын таалим-тарбиясы, мээрими ченемсиз. Бирок “Аккан арыктан суу агат” демекчи, ата-бабадан келаткан нуктун, башаттын да орду чоң эмеспи. Дегенибиз, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков Султангазы Орозобековдун таякеси болот. Баатыр ата да жээндеринин ичинен айрыкча Султангазы жээнине жакын болгонун, экөөнүн кеп-сөзү көпкө созула кызуу аңгемелеше турганын туугандары да жакшы билишчү.

Султангазы Бакировичтин бардык ийгиликтеринин, жетишкендиктеринин башында – баарыдан да ал кишинин мыкты Адам экендиги турат. Аталган китептеги замандаштарынын пикирлеринде да Султангазы Бакировичтин бийик адамгерчилиги, ар бир адамга жакшылык санаган айкөлдүгү, боорукерлиги, аяр сезимталдыгы айрыкча белгиленген. Бейтаптын дарттан айыгарынын эң башкы этабы да – аны караган дарыгердин адепки жылуу камкор мамилесинен, бейтаптын айыгып кетишине болгон астейдил ынтызарлыгынан башталат эмеспи. Мына ошондо, бейтаптын айыгып кетеринин алгачкы каалгасы ачылат…

Медицина илимдеринин доктору, профессор Токтогазы Түлекеев Султангазы Орозобековдун ишмердиги тууралуу мындайча пикирин билдирди:

Ал республика боюнча тубаса бет-жаак, ээрин-таңдай кемтиктерин калыбына келтирүү боюнча кайталангыс операцияларды ишке ашырды. Ошолордун негизинде өзү жасаган операцияларынын атайын Атласын дагы чыгарды. Аталган иштердин улам кийинки жаш адистерди окутуп даярдоодогу жана окшош операцияларды жасоонун тажырыйбасын өркүндөтүүдөгү колдонмолуулук мааниси айрыкча зор экени айдан ачык. Султангазы Орозобеков стоматолог-имплантолог хирург катары көптөгөн бейтаптарга косметикалык жана башка татаал, кескин операцияларды жасап айыктырып кардарлардын, элдин алкышына, сый-урматына ээ болду. Артында анын тарбиясын алган уул-кыздары, табигый талантынан, илимий ишмердигинен өрнөк алып калган шакырттери калды. Анын өмүрү – адамдарга жыкшылык тартуулоого жетишүүнүн аракетинде өттү” 

 

Фатима АБДАЛОВА

№31 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 23-апрели

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!