28-май күнү өлкөбүздүн чек арачылары өздөрүнүн кесиптик майрамы, кызматтын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгилешет. Ал эми 29-май Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүн 32 жылдык майрамы белгиленүү алдында турат. Биз бул сапар удаа келген кош майрамдарды утурлай аскердик өмүрү дал ушул Куралдуу күчтөр менен мамлекеттик чек арага байланган генерал Райимберди Дүйшөнбиевди кепке тартып келдик.
— Райимберди Сейдакматович, 28-май күнү өлкөбүздүн Чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Чейрек кылымды багындырган бул кызмат менен сиздин ысымыңыз, дегеле бүтүндөй тагдырыңыз тыгыз байланышта экени белгилүү. Алгач кепти ушул жаатта баштасак…
— Ооба, аскер адамы кесибин тандаганымдан бери өмүрүмдүн көп мезгилин чек арага арнапмын. Лейтенанттан баштап, генерал наамына дал ушул чек арада жүрүп жеткеним — тагдырымдын тыгыз байланышканынан кабар берип турат. Сөз удулу келген соң алдыда белгилене турчу кесиптик майрамыбызга азын-оолак болсо да токтоло кетейин. Совет дооруна чейинки тарыхыбызда кыргыз чек арачыларынын милдетин аткарган жоокерлер болгонун, аймактарды, жайлоо-кыштоолорду мекендеген калк арасында булардын аброю өтө бийик болгонун билесиздер. Биздин эл күжүрмөн кызматты баалап келген. Өлкөбүздүн тарыхы анын жоокерлик тарыхы менен бекем чырмалган. Биздин тарыхыбыз ата-бабаларыбыз көрсөткөн каармандыктар менен эрдиктерге, бардык муундагы жоокерлердин Ата Мекенге болгон урматынын мисалдарына бай. Бүгүн биз чек арачыга болгон сый-урматты кайтара алдык. Аскердик кызматтын кадыр-баркы жана бедели көтөрүлдү деп ишенимдүү айтсак болот. Мамлекет чек арачылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоосуна шарттарды түзүүгө, аларды социалдык жактан коргоого болгон аракеттерин көрүп жатат. Бул процесс туруктуу болорунда жана көрүлүп жаткан камкордуктар барган сайын өсө берээринде шек жок. Себеби, учурда аскер кызматчыларынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү бардык кайра түзүүлөр КРнын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын түздөн-түз жана тыкыр көзөмөлүндө болуп жаткандыгын белгилей кетүү абзел.
— Чейрек кылым ичинде Чек ара кызматы татаал жана ардактуу жолду басып, учурда заманбап коркунучтарга туруштук берген күчтүү тутумга айланганын биздин тышкы душмандарыбыз да тана албаса керек. Албетте, Чек ара кызматын мындай деңгээлге жеткирүүдө жетекчилердин саясий эрки, оттон-суудан кайра тартпаган көкжалдыгы башкы орунда тургандыгы менен байланыштырабыз да, туурабы?
— Чек ара кызматы учурда бутуна турган, ШККУга, ЖККУга мүчө-мамлекеттер арасында заманбап курал менен жабдылган жана эң негизги жетишкендиги — күжүрмөн даярдыгы, мамлекетик чек араны кайтаруу ыкмалары боюнча кыйла жаңылыктарды жарата алды. Буга аналитика жүргүзгөн көз карандысыз соцтармактардагы маалыматтар да далил боло алат. Мында, сөзсүз түрдө белгилей кете турган жагы, чек арага мамлекеттик деңгээлде олуттуу мамиле жасалып, Өлкө башчысы өзү жеке киришип, мамлекеттик чек араны кайтарууга болгон мамилени түп тамырынан бери өзгөрттү. Адилеттүүлүк үчүн бул жагын да ачык айтышыбыз керек.
— Бүгүн бул тармакка Өлкө башчыбызга улай атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жеке көмөгү менен олуттуу көңүл бурулуп, Чек ара кызматы материалдык жактан эбегейсиз мыкты деңгээлге чыгып, анда эмгектенген кадрлар моралдык жактан бийик дух астында иштеп жаткандыгы айкын болууда. Айтыңызчы, кызматтын жетекчилери өлкө жетекчилигинин камкордугун сезип, ишти тиешелүү деңгээлде алып барып жатышабы?
— Аныгында бул кызматтын ишин алга жылдырууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, күч түзүмдөр блогунун куратору, УКМК төрагасы, генера-лейтенант Камчыбек Ташиевдин салымы бараандуу. Куралдары тууралуу айтпай эле коёюн, “жашыруун сыр” деген гриф сакталышы керек. Өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалы, алардын акчалай камсыздалышы кыйла жогорулатылып, жетекчилик тараптан колдоо реалдуу сезилээрлик даражага чыкты. Камчыбек Кыдыршаевич өзүнүн кан-жанына улутчул духту сиңирип алган. Өлкөнүн чек ара коопсуздугуна жоопкер жетекчиде дал ушундай улутчул духтун болушу өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Жеке эле Чек ара тармагына гана эмес, дегеле биздин жалпы Куралдуу күчтөрүбүзгө Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичдин колдоосу менен берген жардамдары өлчөөсүз түрдө болуп жаткандыгын сергек ой жүгүрткөн, акыл-эстүү жарандарыбыздын бардыгы көрүп, сезип жатышат. Маселе, мындай колдоону кол алдындагы тиешелүү жетекчилердин кандай аткаруусунда гана турат. Аныгында, биздин мамлекеттин улуттук Чек ара кызматынын жаралышы жана калыптанышы өзүнчө китепте баяндалууга татыктуу. Бул баянда өзүнүн кесибине жан-дили менен берилген, туулуп өскөн жерин жанындай сүйгөн, бар болгон күчү жана кайраты менен кыргыз жеринин ар бир кокту-колотун эр жүрөктүүлүк менен коргоого даяр жашыл фуражкачан жоокерлер жөнүндө дастан болуш керек.
— Кыргызстандын Чек ара кызматы ар бийлик алмашкан сайын бирде УКМКнын алдындагы мекеме болсо, бирде Өлкө башчысына түз баш ийген өз алдынча структурага айланып келет. Өлкөбүздүн бүтүндүгүнө жоопкер бул тармак мындай орун алмаштыруудан эмне тапты?
— Сырттан караган кишиге бул аракеттер там-туң эте эми гана алгачкы кадамын таштаган наристени эске салат. Иш жүзүндө бийлик алмашкан сайын эле эмес, жашоонун объективдүү талаптарынын негизинде Чек ара кызматы ушул жолду басып өтүүгө мажбур болду. Кызматтын ар бир тарыхына байланышкан окуяларга майдаланып, токтолбой эле коеюн. Ток этери, бүгүн Чек ара кызматынын УКМКга өткөрүлүп бергени туура чечим болду. Анткени, КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, чет мамлекеттерде деле чек ара кызматы — коопсуздук органдарына баш ийет. Демек, ар кандай документтер, жыйындар, машыгуулар бир түзүмдүн тутумунда өткөрүлүп жаткандыктан, мамлекеттин Чек ара кызматы УКМК системасына баш ийгени мезгил талабына шайкеш. Канткен менен УКМК өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыздоо, чек араны кайтаруунун институционалдык базасын жана практикасын өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин максаттуу түрдө жана дайыма өткөрүп келе жатканын көрүп турбайбызбы. Демек, бүгүн Чек ара кызматынын көңүл чордонунда чек ара инфратүзүмүн өнүктүрүү жана мамлекеттик чек аранын тилкелерин инженердик жабдуу турат. Чек араны коргоо ишиндеги акыркы натыйжа жашыл фуражкачан адамдарды кесиптик даярдоонун сапатын жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар, алардын моралдык туруктуулугуна жана социалдык бакубат жашоосуна жетишүү, кызматта керектүү бардык нерселер менен камсыздоо аркылуу жетишилерин баса белгилегим келет.
— Сөз соңунда сиздей генералдын майрам алдында пикири кесиптештерине кызык болсо керек…
— Чек арада кызмат өтөп, жалындуу жаштыгым тоолордогу, түз-ойдуңдагы заставаларда калганын эстеп, мен дагы кубанып, бир эсе толкунданып турам. Чек арачынын күнү менен бардык кесиптештеримди куттуктайм. Чек арачылардын майрамына удаа келген Куралдуу Күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 32 жылдык мааракеси менен аскер кызматкерлерин жана ардактуу ардагерлерибизди кызуу куттуктайм! Ар бир үй-бүлөгө бак-таалай, ырыс-кешик каалайм! Мекенге өтөгөн кызматыңыздардын ылайым акыбети кайтсын. Өлкөбүздө тынчтык, бейпилчилик болсун!
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№40 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 28-майы