"Эркин-Тоо"

Тилек Алимджанов, «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы: «Кардардын ишенимине кирүү, алардын мактоосуна татыктуу болуу биз үчүн маанилүү»

Тилек Буромбаевич, “Айыл Банктын” уюшулганына 2-июлда  28 жылдын жүзү болуптур. Оболу банктын тарых-таржымалына кыскача токтолуп өтсөңүз. Банк өзүнүн алдына койгон максаттарына жете алдыбы?

— Чынын айтканда 28 жыл деп айтып коюу оңой көрүнгөнү менен, ушул жылдардын аралыгында банк рынокто өз ордун табууда өтө көп жумуштарды аткарды. Банктын азыркы деңгээлге  жетишине мага чейин иштеген башкармалыкты башкарган жетекчилердин дагы салымы чоң. Банк 1996-жылы 2-июлда  Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Өкмөтү тарабынан «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» (КФК) финансылык институту катары түзүлгөн. КФКнын негизги максаты фермерлерге жана товар өндүрүүчүлөргө насыя берүү гана болгон. Айыл чарбасынын каржылоонун мааниси эске алынып, КФКга кызмат көрсөтүүдөгү спектрин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатында 2006-жылы 27-декабрдагы Улуттук банктын башкармалыгынын №43/1 токтому менен «Айыл Банк» ААКсын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Банк уюшулган күндөн бери кызмат көрсөтүүнүн түрүн көбөйтүп, заманбап сапаттуу тейлөөнү камсыз кылып, алдыңкы банк технологияларын  колдонуу менен бирге бүгүнкү күндө «Айыл Банк» — Кыргызстандагы эң алдыңкы универсалдуу банктардын бири болууга жетишип, 28 жыл мурда мекеме алдына кандай максаттарды койсо, ага жеттик деген ойдомун.

Азыркы учурда “Айыл Банктын” түзүмү кандай, анын иши эмнеге негизделген?

— Банктын аймактарда 38 филиалы, 55 сактык кассасы, 32 көчмө кассасы, 25 аймактык жана алыскы айылдарда 27 айылдык насыя бөлүмдөрү бар. Бүгүнкү күндө банктын активи 135,4 миллиард сомду түзүп, капиталыбыз 16,4 миллиард сомго жетти. Мындай суммадагы каражаты бар банк Кыргызстанда жок.  Учурда  насыялык портфелдин көлөмү 46,7 миллиард сомду түзүп турат. Депозиттин өлчөмү 102, 4 миллиард сомдон ашты. 2023-жылдын жыйынтыгы менен казынабызга 5,4 миллиард сом дивиденд катары төлөп бердик. Өткөн жылдын эсебинен мамлекетибизге 665,8 миллион сомдон ашык салык төлөдүк. Мына ушул көрсөткүчтөрдүн баары банкта иштеген эки миңге жакын кызматкерлерибиздин талыкпас эмгегинин үзүрү десем болот. Бирок, бул көрсөткүчтөр биздин жамаатыбыз үчүн чек эмес. Алдыда дагы көптөгөн ири пландарыбыз бар.

«Айыл Банк»   айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларын ишке ашыруучу өлкөдөгү ири каржылык институттардын бири экени талашсыз. Кандай программалар ишке ашырылып жатат? Натыйжалары кандай болууда?

— Бүгүнкү күндө айыл чарбасын колдоо боюнча бир топ долбоорлор ишке ашырылып жатат. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, акыркы үч жылда мамлекет тарабынан айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулууда. 2013-жылдын 1-январынан бери «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору иштейт. Бул долбоордун негизги оператору  «Айыл Банк» болуп саналат. Аталган долбоор ишке киргенден бүгүнкү күнгө чейин «Айыл Банк» тарабынан 55 470 кардарга 25 миллиард сомдон ашуун суммага насыя берилди. Мунун ичинде 16,4 миллиард сом мал чарбачылыгына, 3,9 миллиард сом өсүмдүк өстүрүүчүлөргө,  кайра иштетүү тармагына 4,6 миллиард сом берилген.

Учурда «Айыл чарбасын каржылоо 12» долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун шарттары боюнча насыялар жылдык үстөгү 10 пайыз менен 2 жылга берилиши керек. «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоору боюнча Банк өз каражатынын эсебинен быйыл дыйкандарга 2,5 миллиард сом жеңилдетилген  насыя бериш керек, ал эми Финансы министрлиги болсо Банктын уставдык капиталына берилген суммадан 8,55 % коэффициенти менен капиталдаштырып берет.  Бул каражаттын 80 пайызы мал чарбачылыгына, ал эми 20 пайызы жер иштетүүгө берилет. Ушул жылдын июль айынын жыйынтыгы менен  4323  дыйканга 1,694 миллиард сом насыя берилди. Долбоордо каралган  насыянын дээрлик 67,8 %ы берилип бүттү.

Мындан башка Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №120-т тескемесинин негизинде «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору бекитилген. Долбоордун максаты – азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү болуп саналат. Аталган  долбоордун алкагында 18 кластер түзүлгөн. Эми буга сүт, эт, кант, пахта, дан өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш жана башка продуктулар кирет. Мына ушул кластерлерди колдоо максатында Өкмөт тарабынан 17 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун 9,6 миллиард сомун “Айыл Банк” тарабынан кардарларга берилиши керек болчу. Финансы министрлиги тарабынан ушул каражаттын 6,3 миллиард сому бизге бөлүнүп берилген, анын ичинен 5,9 миллиард сомун 3368 кардарларга берилди. Кошумча айта кетүүчү нерсе, ушул долбоордун алкагында лизингге дагы насыя берилет. Ушундан улам,  1063 кардар айыл чарба техникасын, шаймандарын жана 667 баш асыл тукум ийри мүйүздүү мал лизингге берилди. Насыянын жылдык үстөгү 6 пайыз, 3 жылдан 5 беш жылга чейин, эгерде лизинг болсо 7 жылга чейин берилет.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы №24-т тескемесинин негизинде «Товардык насыя» долбоору дагы ишке кирген. Бул долбоор боюнча дыйкандарга Россия Федерациясынан, Казакстандан алып келинген буудай, арпа, сафлор, буурчак жана беденин үрөндөрүн 3 жылдык мөөнөткө, жылдык үстөгү 4,5 пайыз менен насыялар берилип жатат. Учурда 8477 кардарга 281,8 млн. сомдон ашык насыя берилди.

Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-марттагы №20 токтому менен «Региондорду өнүктүрүү фонду» түзүлгөн. Ушул долбоордун алкагында 5,5-6 пайыз менен 5-7 жылдык мөөнөткө чейин аймактардагы айыл чарбасындагы эле эмес, ар кандай тармактагы өндүрүш менен алек болгон ишканаларды колдоо максатында насыя берилет. Аймактарда фонддор бар. Токтомго ылайык, биз бүгүнкү күндө 18 райондук же облустук фонддор менен макулдашууларды түздүк. Фонддор аркылуу 27 кардарга 59,7 млн сомго насыя берилди. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген долбоорлорду ишке ашырууда «Айыл Банктын» кызматкерлеринин эмгегин баса белгилегим келет.

— Банктан насыя алуучу кардарлар тарабынан нааразы пикирлер айтылып эле жүрөт. Андан башка «Айыл Банк» аркылуу дыйкандарга жана ишкерлерге насыя берүү маселесин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү айтылууда. «Айыл Банктын» төрагасы катары коомчулуктун айрым катмарынын дооматына эмне деп жооп берер элеңиз?

— Албетте, иш болгон жерде кемчиликтер болот экен. Өткөн жылы салык кызматы, коопсуздук кызматы, эсеп палатасы, финансы министрлигинин адистеринин курамынан турган атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, дал ушул жеңилдетилген шартта берилген насыялар кандай пайдаланылып жаткандыгын атайын иликтеп чыгышкан. Комиссиянын бизге койгон талаптарын орундатып, тиешелүү чараларды көргөнбүз. Бирок, насыя берүүдө өтө олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган эмес. «Айыл Банкка» андай айыптар коюлган жок.

Учурдан пайдаланып, айта кете турган нерсе, жеңилдетилген мамлекеттик насыялардын берилиш тартиби тиешелүү тескеме менен токтомдордо көрсөтүлгөн. Насыялар жогорудагы документтерге ылайык, Улуттук банктын ченемдик-укуктук актылардын жана ички ченемдерге ылайык берилет.

Депутаттар – эл өкүлдөрү. Шайлоочулар мамлекеттик насыя программалары кандай иштеп жаткандыгы тууралуу пайда болгон маселелери менен кайрылышы толук ыктымал. Туура, насыялар берилет, бирок алардын кайтарымы бардык эле учурда бирдей боло бербейт. Кардарлардын арасында дагы мыйзамга баш ийбегендери болот. Бирок, насыяны төлөө шарт. Андан калса бул каражаттар эң төмөнкү, тагыраагы 6 пайыз менен насыя алышууда. Башка коммерциялык банктарда минималдуу жылдык үстөгү 18 пайызды түзөт. Насыя алуучу кардар «убагында төлөп беремин» деп келишимге кол коюшат.

Биз кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп келебиз. Биринчиси, насыя таржымалы жакшы болушу кажет. Экинчиси, бизнести ачык жүргүзгөнүн далилдеп бериши керек. Эгерде кардардын насыя таржымалы начар болсо, тиешелүү документтери талапка жооп бербесе, анда банк насыя бере албайт. Анан ушундай шартта айрым адамдар, «мамлекеттик программалар ишке ашырылып жатса, бизге эмне себептен насыя бербейсиңер?» деп ошол эле депутаттарга арызданышы мүмкүн.

Насыя алуу үчүн банк эң минималдуу гана документтерди талап кылат. Насыя берүү тескеме менен бекитилгендиктен, “Айыл Банк” көрсөтүлгөн шарттар менен гана иштеши керек. Айыл чарбасын каржылоого багытталган программалар дыйкандардын жана мал чарбачылыгы менен алектенген жарандардын кызыкчылыгын көздөйт.

Сиздин бул сурооңузга так жооп бериш үчүн фактыларга кайрылайын деп турам. «Айыл Банк» 2021-жылы 50179 кардарга 13,5 миллиард сом насыя берген. 2022-жылы 59043 кардарга 23,3 миллиард сом насыя берилсе, 2023-жылы 67637 кардарга 31 миллиард сом насыя берген, мындайча айтканда 2023-жылдын жыйынтыгы менен биз берген насыянын суммасындай, бир дагы банктын насыя портфели жок.  Бир сөз менен айтканда, күнүнө орточо 185 насыя берет экенбиз. Бул эң мыкты көрсөткүч деп эсептейм.

— Акыркы жылдарда өлкөбүздө санариптештирүү процесси кызуу жүрүп жатат. «Айыл Банктын» системасында бул процесс кандай ишке ашууда?

— Мындан он чакты жыл мурун немис адиси Германияда ишкер насыя ала турган болсо, кардардын паспорту гана керек болот экен деп айтканы бар. Анткени, аларда бардык эсеп-кысап иштери банк эсеби аркылуу өтөт экен. Демек, банк тарабынан анын киреше-чыгашасы тууралуу маалыматын алуу оңой. Ал учурда биз үчүн жаңылык болгон бул нерсе, азыр  реалдуу көрүнүшкө айланып бара жатат.

Учурда экономиканын ар тармагында санариптештирүү системасы ишке киргизиле баштагандыктан, тиешелүү документтерди алууга мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү болуп калды. Бирок, бизди түйшөлткөн нерсе, бүгүнкү күнгө чейин кардарлардын кирешесин билүү кыйын болууда.  Ачык-айкындуулук жок. Өкмөтүбүздүн ККМ аппаратына өткөрүү, накталай эмес төлөмдөргө өтүү маселесинин өзөгү ушунда турат. Эгерде ишкер өз ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылса, анын насыя алуусуна дагы жеңил болот эле. Менин оюмча, санариптештирүү муну акырындык менен жолго салат.

Банк системасында айрым мобилдик тиркемелер өлкөбүздө иштиктүү ишин көрсөтүп жатышат. Бул багытта биздин АБ – 24 тиркемебиз дагы ийгиликтүү иштей баштады. Бул жеке жактар колдоно турган тиркеме. Мында 800дөн ашуун кызмат көрсөтүү каралган. Ошондой эле мамлекеттик кызматтын бир топ түрлөрү, тагыраагы сууга, салыкка, газга, электр энергиясына жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акыны үйдө олтуруп эле төлөй алышат.  Демек, «Айыл Банктын» картасы аркылуу 800дөн ашуун кызматтан пайдаланууга жол ачылат десем болот. «Айыл Банктын» карточкасы менен айлык алгандарга АБ – 24 тиркемебиз аркылуу 250 миң сомго чейин он-лайн насыялар бериле баштады. Биздин банктын «айлык акы» долбооруна кирбегендер үчүн да атайын программа жакында ишке киргизелет.  Корпоративдик кардарларыбыз үчүн АБ – бизнес деген тиркемебиз кызмат көрсөтүп жатат. Чакан жана орто бизнестеги ишкерлер үчүн салык кызматынын колдоосу менен «Береке» тиркемебиз ишке кирди. Бул тиркеме салыктык жана каржылык операцияларды башкарууну жеңилдетет. Ишкерлер үчүн каржылык операцияларга короткон убактысын азайтуу менен өз ишканаларынын өнүгүүсүнө көбүрөөк көңүл буруусуна шарт түзөт. Жылдын соңуна чейин аталган тиркемелерге сапаттуу тейлөө боюнча бир топ толуктоолор киргизилет.

— «Айыл Банктын» эл аралык деңгээлдеги уюмдар менен кызматташуусу кандай жолго коюлган?

— Банктын эл аралык деңгээлдеги каржы уюмдары менен иштөө тажрыйбасы өтө бай десем болот. Мисалы,   «Айыл Банк» Дүйнөлүк банк (ДБ), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Райффайзен кооперативдерди өнүктүрүү фонду, Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банктын «Агробизнес жана маркетинг» долбоору, Евразия өнүктүрүү банкы, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана башка эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жана экономикалык программаларды ишке ашырып келет.

— «Айыл Банктын» эл аралык кызматташуусунун акыркыларына токтолуп кетсеңиз.

  Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 1 миллион долларлык каржылоо, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 46 миллион долларлык долбоорлор ишке ашырылып жатат.  Бүгүнкү күндө Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров «Жашыл экономикага» артыкчылык берип, дүйнөлүк деңгээлде маселе коюп келе жатпайбы. Мына ошондуктан, «Айыл Банк» экология маселесин эске алып, Азия өнүктүрүү банкы менен экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (ESG) тармагында техникалык колдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. ESGнин негизги максаты экологияга минималдуу зыян келтирүү маселесин карайт. Канткенде экологияга зыяныбыз тийбейт? Маселен, банк системасында кагаз көп колдонулат. Демек, биз электрондук форматка өтүшүбүз керек. Андыктан, техникалык колдоого муктажбыз. “Жашыл экономика” боюнча мамлекет тарабынан бизге талаптар коюлган. Эң башкысы, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп жатканда банкта ESG тармагы боюнча стратегиялык план болсо, анда кыйла колдоого ээ боло алабыз.

Анан дагы эл аралык кызматташуусунун алкагында 2023-жылдын башында “Ислам терезеси” долбоорун ишке киргизгенбиз. Эми мында шарияттын талаптары боюнча Мурабаха, Мудораба, Кард Хасан деген өнүмдөр боюнча лицензия алганбыз. Учурда ислам принциптери боюнча насыя берүү ишке ашырылып жатат. «Мурабаха» — акча берүү дегенди, «Мудараба»  — депозит деген маанини, «Кард Хасан»  — кассалык-эсептөө тейлөө деген түшүнүктү билдирет. Ислам принциптеринин негизинде бериле турган насыялар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган Шарият кеңеши тарабынан көзөмөлдөнөт. Банктын республиканын аймагында 38 филиалы болсо, анын жарымынан көбү ислам принциптери менен иштей баштады. Менимче, бул тейлөө кызматынын келечеги кең, кардарларыбыз үчүн пайдалуу деп ойлоймун.

— Тилек Буромбаевич, банктын ишмердүүлүгүнүн сапатын арттыруу үчүн эмне кылуу керек?

— Биринчиден, санариптештирүүнү тездетүү зарыл. Азыркы күндө мунун үстүндө кызуу иштер жүрүп жатат. Экинчиден, кызматкерлердин билимин өркүндөтүп туруу керек. Анткени, банк системасы тынымсыз өзгөрүп турат. Үчүнчүдөн, эмгек тартибин бекем сактоо, тейлөө кызматын жакшыртуу. Насыядан баш тарткан күндө да, кардар маанайы ачык кетсин деген талапты коюп келем. Кардардын бизге дооматын болтурбоого аракет кылышыбыз керек. Туура, биздин банк сандык көрсөткүчтөр боюнча өлкөдөгү флагман финансылык уюм болушу мүмкүн. Бирок, кардардын ишенимине кирүү, тейлөө кызматы боюнча  алардын мактоосуна татыктуу болуу баарынан маанилүү. Банкир катары ушул жаатта дагы № 1 банк  болсок деп кыялданам.

— Банкир болуу балалык кыялыңызбы, же турмуш зарылчылыгынан улам бул  кесипти тандадыңызбы?

—  Мектепте окуп жүргөндө банкир болом деп айтканым эсимде. Бирок, эмне себептен ушул кесиптин тандаганымды билбейм. Окууну аяктагандан кийин  2001-2005-жылдары  Кыргызстан эл аралык университетинин Экономика жана бизнес жогорку мектебинен банк иши боюнча адистикке ээ болуп чыктым. Кийин  Чүй университетинде билим алуумду улантып, юриспруденция боюнча экинчи жогорку билимге ээ болгом. 2006-жылы банкта иштей баштадым. Ошол учурдагы «Энергобанк», андан кийинки «Оптима Банк» банкы адистерди тандап алуу боюнча ири конкурс уюштуруп, 250 талапкердин ичинен төртөө тандалып алынса, ошонун бирөө мен болгонмун. Ошону менен насыя бөлүмүнүн стажеру, башкы адиси, бөлүм башчысы болуп иштедим.

2013-жылдан баштап үч жыл  «Росинбанк» банкында  чакан жана орто бизнести насыялоо бөлүмүнүн башчысы катары иштедим. 2016-жылдан баштап  «Банк Компаньон» банкынын аймактык менеджери кызматын сунуш кылышты.

2020-жылы «Кыргызкоммерцбанк» банкынын «Жибек-Жолу» филиалынын директорунун орун басары, директору болуп иштеп, 2022-жылдын октябрь айынан баштап  «Айыл Банк» ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын кызматын аркалап келе жатамын. Бир сөз менен айтканда, менин ишмердүүлүгүм банк системасы менен байланышта келе жатат. Анан калса, өлкөбүздө жыл сайын банк кызматкерлеринин күнү катары белгиленген 10-май менин туулган күнүм. Ошондуктан мен өзүмдү тубаса банкирмин деп эсептеймин.

Учурдан пайдаланып, жалпы жамаатымды бүгүнкү 2-июль «Айыл Банктын» туулган күнү менен куттуктаймын! «Айыл Банктын» №1 банк болушуна, бүгүнкү жетишкендиктерибизге жамаатыбыздын салымы зор деп түшүнөм. Эгерде алардын күжүрмөн аракети болбосо ушундай көрсөткүчтөргө жетишибиз күмөн эле. Жамаатымдын ар бир мүчөсүнүн иштерине ийгилик, бекем ден соолук каалап, ойлогон ой-максаттарынын баары ишке ашышына тилектешмин. Ар бирибизге эртең менен ишке күлүп-жайнап келип, күлүп-жайнап үйүнө барган күндөрдү насип этсин деп тилеймин!

  • Тилек Буромбаевич, ары сыймыктуу, ары татаал иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Жамаатыңыз менен көздөгөн максаттарыңызга жете беришиңизге тилектешпиз!

 

                                                                                                                              Маектешкен Шекербек Калыков

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!