"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

7 депутат расмий түрдө жеңүүчү деп аталды

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынан жеңүүчү аталган жети талапкердин ысымын расмий жарыялады. БШК бул округдардын добушу толук саналып, жыйынтыгы чыккандыгын билдирди.

Алар:
№2 Баткен шайлоо округунан — Нурлан Ражабалиев;
№ 3 Кадамжай шайлоо округунан — Ырысбек Атажанов;
№4 Көк-Жар шайлоо округу — Өмүрбек Бакиров;
№5 Ноокат шайлоо округу — Жусупбек Коргонбай уулу;
№19 Токтогул шайлоо округу — Кундузбек Сулайманов;
№ 26 Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров;
№ 20 Манас шайлоо округу — Дастанбек Жумабеков.
Буга чейин БШК сегиз шайлоо округдун жеңүүчүлөрүн атаган. Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча 36 шайлоо округу тизмеге кирген.