Кыргызстанда 70 жылдын ичинде мөңгүлөр 14-16 пайызга кыскарып кеткенин Борбор Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун бөлүм башчысы Рыскул Усубалиев ММКлардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында аймактар боюнча бөлүп караганда Таласта эң көп жоготуу болгон. Талас суу бассейни 50 пайызга азайган. Адис Ысык-Көл, Нарын облусунун бийик тоо кыркаларында жана түштүктөгү Алай, Чоң-Алай тоолорунда мөңгүлөр жакшы сакталганын кошумчалады.