Жыл башынан бери Бишкекте коомдук транспорттун 733 айдоочусу жумуштан алынып, кара тизмеге киргизилди.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында өткөн жыйында рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы жана тартип комиссияларынын чечимдери талкууланды. 2025-жылдын 1-январынан 18-июнуна чейин 404 айдоочу сөгүш алып, 20 пайыздык сый акысынан ажыратылды. Ал эми 733 айдоочу иштен бошотулуп, муниципалдык транспорт тармагында иштөөгө тыюу салынды.
Жыйынга Патрулдук милициянын өкүлдөрү жана ишкананын кызматкерлери катышып, жол эрежелерин сактоо, кырсыктардын алдын алуу маселелери көтөрүлдү. Айдоочуларга эрежелерди бузбай, аларды так сактоо тапшырмасы берилди.