Быйыл Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Болот Иманалиев билдирди.
Министрдин орун басары мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганына карабай класстарды тазалоого жана мектептин башка муктаждыгына деп мажбурлап акча чогултуу уланып жатканын билдирди. Муну тыюу үчүн министрлик көп иштерди жүргүзүп жатканын белгилеген Иманалиев мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүү жана мектеп имаратын оңдоо үчүн жетишерлик акча бөлүнүп жатканын айтты.
«Техникалык кызматкерлердин айлык акы маселеси чечилбей келген. 2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көбөйтүлүп, мектептердеги мугалим жетишсиздиги жоюлду десем болот. Бирок кенже техникалык кызматкерлердин, тейлөөчү кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлгөн эмес. Министрлер кабинети быйылкы жылы алардын айлык акысын көбөйтүүнү пландап жатат. Эми тиешелүү токтом кабыл алынышы керек», — деди Иманалиев.