"Эркин-Тоо"

Союзбек Надырбеков: «Бюрократиядан арылуу – учурдун талабы»

Маданият министрлигинде мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу маселесине арналган жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, жумушчу топтун жетекчиси, Юстиция министрлигинин Эл аралык-укуктук башкармалыгынын башчысы Азат Бакаев жана Маданият министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.
Иш-чарада каралган маселелер:
  • ашыкча административдик жол-жоболорду кыскартуу;
  • мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • жарандар менен болгон байланышты жөнөкөйлөтүү;
  • ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу;
  • документ жүгүртүүнү санариптештирүү;
  • кайталанма функцияларды жоюу.
«Бюрократиядан арылуу – бул учурдун талабы гана эмес, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана ыкчамдуулугун жогорулатуу үчүн зарыл кадам. Ал жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттик башкаруу системасын натыйжалуураак кылууга багытталып, негизги көңүл ачыктыкка, жеткиликтүүлүккө жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга бурулат»,- деди Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков.
Пример HTML-страницы