ӨТӨЛГӨЛҮҮ ӨМҮР БАЯН
Күлсара Сулайманова – Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз СССРинин советтик эл чарбасынын ишмери.
1930-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган.
Жанын аябаган эмгектин арты менен Күлсара Сулайманова 26 жашында звеночу болгон. Анын жетекчилиги астында звено беш жылдыктын тапшырмаларын 3,5 жылда аткарган.
СССР Жогорку Советинин 7-8-чакырылышынын (1966-1974-ж.) депутаты болуп эки жолу шайланган, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 9-чакырылыштагы депутаты, Кыргызстан Компартиясынын XXIV жана XXV съезддерине Кыргыз ССРинен делегат болуп шайланган.
1994-жылы Кыргызстан элдеринин алгачкы Курултайын расмий ачкан.
Сыйлыктары жана наамдары:
Социалисттик Эмгектин Баатыры (1965-жылы).
Ленин (1965-жылы) жана Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган (1976-жылы).
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Даңк” медалы ыйгарылган (2000-жылы).
«Кайыңды» мектеп-гимназиясына Социалисттик Эмгектин Баатыры Күлсара Сулайманованын ысымы ыйгарылган. (2010-жылы), ал жерде музей ачылып, коло бюсту орнотулган.
Жайылма айылындагы өзү жашаган көчө анын ысымын алып жүрөт.
Сары-Өзөн Чүйдүн эли да, жери да баатыр сыяктанат. Анткени Чүй облусунан Союз кезинен беркисин эле эстесек, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, ошондой эле бүгүнкү биздин каарманыбыз Күлсара Сулайманова сыяктуу Социалисттик Эмгектин Баатырлары көп чыккан. Ал эми Ата Мекендик согуштун каармандары жөнүндө айтсак, кеп башка.
Алп акын Алыкул Осмонов туулган айыл – Каптал-Арыкты, андан ары Кайыңдыны аралап, учурда 95 жаштагы Социалисттик Эмгектин баатыры Күлсара Сулайманованын жашап жаткан Жайылма айылына жол тарттым. Күлсара Сулайманованын бир аз ден соолугу карылыкка моюндап турганына карабастан кепке тарттык. Кызы Базаркүл эженин жардамында Күлсара апа менен сүйлөштүк. Эненин эстей албай калгандарын Базаркүл эже толуктап отурду.
– Бир учурда Чүй облусунан даңазалуу үч Баатыр аялзатынын чыкканы, жердин касиети өңдөнөт.
– Ооба, Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова жана мен. Көбүнчө атыбыз катар айтылат. Ынак, эже-сиңдилик карым-катнашта жүрдүк. Үчөөбүз тең Союз элинин кадыр-баркына бөлөндүк. Кыргыз элибизге кагылайын кара жер аркылуу кызмат кылдык. Баарына кызылдай маңдай терибиз менен жеттик. Жетим өсүп жетилдим. Өгөй эне мени өгөйсүнткөн жок. Тарбия берди. Он бир жашымда согуш башталды. Күн-түн жерден мээнетибизди, эмгегибизди аябадык. Он төрт жашымда эле тылда эмгектин алдыңкысы болдум. Анда да сыйлыктарды беребиз дешкен. Он жети жашымда согуштун ардагери Бейшенаалы Сулаймановго турмушка чыктым. Абышкам экөөбүздү жараткан жалгап, 12 бала берип, тарбиялап, өстүрүп чоңойттук. Уул-кыздарыбыздын баарын жогорку билимдүү кылдык. Экөөбүз тең колхоздун ишинен тыным алган жокпуз.
– Сүрөттөрүңүздү карап отурсак жалаң эле эл башкарган падыша адамдар менен жанаша турасыз, албетте Социалисттик Эмгектин баатыры, ошондой эле эки жолку СССР Жогорку Советинин депутаты, эки жолку Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаты болуу оңойго турбаса керек?
– Базаркүл: «Эгер атам болбосо Баатыр болмок эмессиң» – деп айтат. Ырас, ушу Базаркүлүм «Апа, эмизип берип коёсузбу?» деп талаада эмгектенип жаткан жериме, жыйналыштарга инилерин-сиңдилерин көтөрүп барып жүргөн учурлары болду. Кызым айткандай, атасы деле ар дайым талаада жер айдап, ал да эмгектин алдыңкысы болуп жүрдү.
Күлсара энени бир аз эс алдырайын деп, Базаркүл эже кепке аралашты.
– Ой, азыр апам ооруп, көп нерсени айта албай жатпайбы. Апам түндү түн, күндү күн дебей эмгектенди. Түндө шырдактын оюуларын кыркып, айылдагы апаларга таратып берер эле. Анткени апамдын уздугу да бар. Талаада кызылча менен алек, звено башчысы. Чоң энем экөөбүз балдарга каралашчубуз. Апам эмгек деп төрөлгөн жан экен. Балдарына да, жолдошуна да, кайын журтка, бүтүндөй Союзга кызмат кыла алды. СССР Жогорку Советинин жыйналыштары болду дегенде апам Москвага учат. Ошентип тамашалап айтам: «Атам сизди баатыр кылды» дейм. Апамдын болсо жүргөнү «Волга», тээ борбордогу жыйналыштар. Апам Жогорку Советте бюджеттик комиссиянын мүчөсү болчу. Ошон үчүн жыйналыштарга эки ай мурда алып кетишчү. Кадимкидей эле Москвада иштеп калчу. Атам апамдын кызматтык иштерине бир да жолу каршылык көрсөтпөдү. «Бар, бара гой…» деп турчу. Анан ушундай колдогон атам болсо, Баатыр болобу! (Базаркүл эже апасын эркелетип күлдү) Бирок апамдын бизден абдан сарсанаа боло бергени көзүнөн байкалат окшойт да. Бир күнү комиссиянын төрагасы Өзбекстандын экинчи катчысы Ломоносов деген болуптур. «Эмне мынча көңүлүңүз суз отурасыз, балдарды сагындыңызбы? Кааласаңыз балдарыңызга күндө Москвадан учуп барып, кайтып келип туруңуз» дептир. Чынында апам ошондон кийин жума же ишемби күнү бул жакка учуп келет. Жекшемби, дүйшөмбүдөгү рейстер менен кайра учуп кетип жүрдү.
– Ушул сүрөттөгүдөй эле Брежнев, Косыгин, Кулатов, Раззаков, Усубалиев, Сүйүмбаев, Чыңгыз Айтматов сыяктуу мыкты инсандар менен баарлаша алдым. Косыгин келген сайын бизге жолугуп жүрүп, таанып да калды. Бир жолу Косыгин аэропорттон түшкөндө атайын колумду кармап: «Быйыл түшүм кандай?» – деди. «Республика боюнча биринчиликте» деди, – Турдакун Усубалиев. – Союз боюнча силердин кызылча канттуулугунан алдыңкы орунда турат, – деп, Косыгин кубаттап койду. Кийин ВДНХга барганыбызда Сүйүмбаев «Күлсара Сулайманованын «12 баласы бар» дегенде, Косыгин балдарымдын өмүрлүү болушун тиледи.
Аялзатынан алгачкы учкуч Валентина Терешкова менен да жакындан сүйлөшүп, бирге жүрдүк.
– Сизди кызыңыз, Бүбүсара Бейшеналиева менен да ынак курбу болгон деп жатпайбы?
– Ооба, экөөбүз Москвага чогуу барабыз. Мейманканаларда чогуу бир бөлмөдө болуп калып жүрдүк. Барган сайын: «Ии дагы келдиң, челкейип» деп тамашалап калчу. Анткени эмгек менен иш аралаш балдарымды төрөп, чоңойтуп жүрдүм да. Ал чынында аялзат катары менин түйшүгүмө боору ооручу. Бала басты боло берип, Жеңишбегим боюма бүткөндө алдырсамбы деп да бир ой келди. Ошол ойдон убагында кайтканыма алиге дейре сүйүнөм. Болбосо ушундай боорукер баламды көрбөй калмак экенмин да. Балдарым биздин бактыбыз болду. Мен ушуларды төрөп чоңойтконго кубанам. Элдин сыйын көрдүк, жердин сыйын көрдүк. Заманыбыз тынч болсун, азыр жаштарга бардык мүмкүнчүлүк бар, эмгек гана керек. Карыганда духуң болгону менен өзүң эч нерсеге жарабай калат экенсиң. Өсөрүм калбады, жаштарга өмүр берсин.
Базаркүл эже: – Апам «эми кетейин» дей берет, мен 100гө чыгыңыз дейм. Небере-чөбүрөлөрүн, балдарын кошкондо саныбыз 100дөн ашык экенбиз. 80 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилейли деп жатканда төңкөрүш болуп кетти. Эми 90 жылдыгын белгилейли деп жатсак, дүйнөнү каптаган ковид деген балээ чыкты. Мына быйыл апам 95 жашка толду. Эми 100гө чыгыңыз дейм.
– Базаркүл айта берет. Кудайдын берген жашын жашайбыз.
Айнагүл Базарбаева