"Эркин-Тоо"

8-9-декабрда Бишкекте ири инвестициялык саммит өтөт

8-9-декабрда Бишкекте ири инвестициялык саммит өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын сайтында маалымдалды.

Анда өнөр жай, энергетика, айыл чарба, маалымат технологиялары, илим жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлор көрсөтүлүп, бизнес өнөктөштөрдү издөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Саммитке ири компаниялардын жетекчилери, эл аралык каржы институттарынын жана инвестициялык фонддордун өкүлдөрү, 30 өлкөдөн жалпы 500гө жакын делегат катышат.

Иш-чаранын алкагында ЕАЭБ ишкерлер кеңешинин президиумунун жыйыны, Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин эл аралык конгрессинин кеңешинин отурумдары, Евразия элдеринин ассамблеясынын форуму, мэрлердин жана губернаторлордун «Глобалдык Жибек Жолу» форуму өтөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!