"Эркин-Тоо"

Тажикстанда жер титиреп, 29 үй жабыркады

Тажикстанда жер титиреп, 29 үй жана бир мектеп жабыркады. Зилзаланын күчү очогунда 5-6 балл, ал эми Душанбеде 3 баллга чейин сезилген. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү басма сөз каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, зилзала жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:24тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Рашт шаарынан 21 чакырым алыстыкта жана Душанбе шаарынан болжол менен 160 чакырым түндүк-чыгышты көздөй жайгашкан

“Жер титирөөнүн кесепетинен Рашт районунун төрт айылында 17 турак жай жана бир жалпы билим берүүчү мектеп жабыркаган. Мындан сырткары, Тажикабад районунда дагы 12 турак жайга зыян келтирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, эл арасында жабыркагандар жок”-деп жазылат маалыматта.