Үстүбүздөгү жылдын 25-апрель күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Карьера күнү» болуп өттү. Ага «Эркин-Тоо» гезити, «Кыргыз Туусу» гезити, УТРК, Beeline, «Бакай банк» сыяктуу жана башка 50дөн ашуун ишкана жана мекемелер катышты.
«Бул иш-чара студенттер менен иш берүүчүлөр арасындагы байланышты чыңдоо, жаш адистердин окуу жайды аяктаган соң дароо иш табып кете алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында уюштурулду», — деди Карьералык өнүктүрүү бөлүмүнүн координатору Сейил Нажимудинова.
Бул күнү бош жумуш орундары тууралуу маалымат берилип, студенттер каалаган ишкана же мекемеге өздүк маалыматтарын калтырышты.
«Манас» университетинин 30 жылдыгына утурлай уюштурулган иш-чара концерттик программа менен коштолду.