Жоголуп кетүү коркунучунда турган 160 кг (845 даана) ашык сайгак мүйүздөрү аныкталып, Казакстандан Кытайга жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз сатуу жана ташуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, сайгак мүйүздөрү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен алынып бара жатканы аныкталган. Негизги кылмышкерлер мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинен чакырылган эксперттер, өлкөнүн экология жана техникалык көзөмөлү кылдат экспертизанын жыйынтыгында бул мүйүздөр «Сайга татарика» (сайга) мүйүздөрүнө таандык экенин тастыктаган.
УКМК тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамсыз ташууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр эл аралык Кызыл китепке «Жок болуу алдында турган түрлөр» статусу менен киргизилген. Азыр сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Россияда жашайт.