"Эркин-Тоо"

88 жаштагы бүтүрүүчү Мамат Кулматов: «Окууга эч качан кеч болбойт»

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин эң улуу студенти Мамат Кулматов фармацевтика адистиги боюнча окуу жайды ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Мамат Кулматов 1959-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда биология жана химия мугалими адистигине тапшырып, бирок шартына байланыштуу окуусун таштоого аргасыз болгон. Окууга эч качан кеч болбой тургандыгын айткан Мамат Кулматов 76 жашында билим алууну кайрадан уланта баштаган. Алгач колледжди бүтүрүп, кийин университетке өткөн.
Апасына берген убадасы үчүн окууга барууну туура деп тапкан Мамат Кулматов апасы оорудан каза болгондо дарыгер болууну чечкен.
Ош мамлекеттик университети аны бекер окутуп, жатакана менен камсыздап берген.