2021-жылдын 9 айында бюджетке 4 млрд 224,8 млн сом салык төлөндү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 237,2 млн сомго көп. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
«Салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 3 млрд 615,3 млн сом өндүрүлгөн. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине 1 млрд 367,9 млн сомго 1 миң 306 салык-төлөм талаптары коюлуп, анын ичинен 392,8 млн сом өндүрүлдү.
Ошондой эле жыл башынан бери 1 млрд 616,7 млн сом суммасындагы 1 миң 130 материал сотко берилди. Анын ичинен 1 млрд.269,6 млн сом суммасында 568 материал бюджеттин пайдасына салык карызын өндүрүүгө каралды.
Салыктарды бюджетке өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 4,9 млн сом суммасында 2 миң 306 айып салынды», — деп жазылат маалыматта.