Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өлкөдө VII эл аралык «Жеңиш диктанты» акциясы өттү.
Ага ылайык, быйыл Кыргызстанда бул жат жазуунун катышуучулары үчүн 70 аянтча ачылды.
Акциянын негизги, борбордук жайы Орус улуттук драма театрында «Жеңиш терезеси» деп аталган дагы бир акция башталып, ал да улуу дата — 9-Майга арналды.
Театрдын терезелерине Жеңиш күнгө арналган сүрөттөр илинди. Жакынкы күндөрү бул демилге өлкөнүн баардык аймактарына жайылат. Тагыраагы, каалаган ар бир киши үйүнүн, иштеген мекеменин терезелерин Жеңиштин символикасы менен кооздоп алса болот.