Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы долбоору үчүн добуш берүүдө 92 миң 944 бюллетень жараксыз деп табылган.
Жалпысынан референдумга катышууга үчүн 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу катталган. Анын ичинен 11-апрелде шайлоого 1 миллион 336 миң 754 киши (37.07%) катышты. Референдумга 1 миллиондон көбүрөгү (79.23%) “макул” , 182 миң 553 (13.66%) киши “каршы” деген добуш берген.
Сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн шайлоочулардын жалпы санынан 30% келип, добуш бериши керек.