"Эркин-Тоо"

93 миңден ашык үй-бүлө светти жеңилдетилген тариф менен төлөп жатат

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын январь айынан тарта 16 жашка чейинки балдары бар «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөдү.

Мындай чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен аймактык бөлүмдөргө ар бир айдын 15-күнүнө чейин «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучулардын тизмелерин РЭСке берүү тапшырылды. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу үчүн жеңилдетилген тарифти алган үй-бүлөлөрдүн саны боюнча ай сайын отчет берилиши керек.

Учурда Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт, анын ичинде:

  • Бишкек шаары – 562 үй-бүлө,
  • Ош шаары – 1057 үй-бүлө,
  • Чүй облусу – 2302 үй-бүлө,
  • Талас облусу – 5155 үй-бүлө,
  • Ысык-Көл облусу – 5134 үй-бүлө,
  • Нарын облусу – 5550 үй-бүлө,
  • Баткен облусу – 12 656 үй-бүлө,
  • Ош облусу – 28 695 үй-бүлө,
  • Жалал-Абад облусу – 32254 үй-бүлө.

Мекемеден билдиришкендей, 1-майдан тарта электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү аталган үй-бүлөлөргө таасир этпейт. Алар үчүн жеңилдетилген тариф сакталат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!