16-июнда Женевада өтө турган Россия-АКШ саммитине Европалык дары-дармек каражаттары агенттиги же Швейцария тарабынан бекитилген вакциналарды алды деген сертификаты болгондор гана киргизилет. Тилекке каршы, «Спутник V» вакцинасын алды деген күбөлүк жараксыз болуп эсептелинет. Бул тууралуу Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин федералдык департаментинин төрагасы Пьер-Ален Эльтшингер расмий билдирди.
«Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча федералдык башкармалыгы жана Европалык дары-дармек каражаттары агенттиги тарабынан бекитилген вакциналар гана таанылат”,- дейт Эльтшингер.
Ал, «Спутник V» вакцинасын толук алган маалымат каражаттарынын аккредитациясын Швейцария кабыл алабы деген суроого жооп берип жатып, бул тууралуу билдирген.
Эске салсак, кечээ 2-июнда Швейцария Женевада өтө турган Россия-АКШ саммитине катышуу үчүн жалпы маалымат каражаттары үчүн аккредитация ачкан. Аккредитация алуу үчүн журналисттер вакцина алгандыгы жөнүндө сертификат, же 72 саат мурда тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгын тапшыруулары керектелет. Бул документтерге альтернатива катары COVID-19 илдети менен ооруп, айыккандыгы тууралуу тастыктама колдонсо болот.