Чек ара кызматынын расмий тараткан маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылар күчөтүлгөн тартиптен кадимки тартипке өтүп иштей баштады. Чоң-Алайдын Унжу-Булак аймагындагы абал туруктуу деп билдирет аталган ведомство.
Маалыматта, «Тараптар кошумча тартылган күчтү артка кайтарды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү кадимки тартипте кызмат өтөөгө өттү», — деп айтылат.
Эске салсак, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип, контейнер орнотуп, тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгон.

