"Эркин-Тоо"
Саясат

Улукбек Марипов Татарстандын Премьер-министринин орун басары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасына жумушчу сапары менен келген Татарстан  Республикасынын (Россия Федерациясы)  Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, тараптардын кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдөгү аракеттешүүну активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

«Татарстан  Республикасы менен өз-ара пайдалуу байланыштарды тереңдетүү Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин элдерибиздин тили, дини, маданияты, салт-санасы жалпы саналат жана аларды чыңдообуз зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Василь Шайхразиев Татарстан  Республикасынын Президенти Рустам Миннихановдун саламын жолдоп, кызматташтыкты активдештирүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизээрин белгиледи.

Ошондой эле ал Казань шаарында ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө республикалар ортосунда кызматташтык тууралуу 10дон ашуун келишимдерге кол коюлгангандыгын эске салып, татар тараптын билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Пикир алышуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Татарстан  Республикасынын Премьер-министринин орун басарын Сабантуй элдик майрамы менен куттуктап, бул майрам татар-башкыр маданиятын жайылтууда, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары саналаарын белгиледи.