"Эркин-Тоо"
Коом

ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды, деп билдирет Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын көбөйгөнүн белгилеп, Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп өсөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле, жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.