Быйыл беш айда 2 767 жол кырсыгы катталып, жалпы 233 адам көз жумду. Ал эми жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 4 302ге жетти. Бул тууралуу ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди. Анын айтымында 2020-жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыгы 48,7 пайызга, көз жумгандардын саны 17 пайызга, жабыркагандардыкы 47 пайызга өскөн. Кырсыктардын көбү айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгынан улам болгон.