Кыргызгидрометтин тараткан маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында 4-8-июль күндөрү абанын температурасы жогорулап, аномалдык ысык болот.
— Абанын күндүзгү температурасы 4-июлдан 6-июлга чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +36…+38 градуска жетери күтүлүүдө.
— 7-8-июлда Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +39…+41 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетет.