"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Бал
Шарият жолу менен табылган байлык. Динге терең ишенген адамдар үчүн илиминин таттуулугу, Куранды окуусу, жасаган жакшы иштери. Ал эми светтик адамдар үчүн оңой киреше. Бал –оорудан сакайып кетүүнү да билдирет. Аселди колго кармоо- илимдүү адам болосуз дегендик.

Аары
Жемиштүүлүк, байлык, киреше, бийлик, кыйынчылык менен жетишилген ийгилик. Ким түшүндө аары көрсө, ал жакында врач менен дарыгерлер менен сүйлөшөт. Аары чагып алса, бирөө менен араздашып калышыңыз мүмкүн. Сиз ал уруштан жапа чегип каласыз. Аарылардын балын алып койсоңуз, бирөөнүн казынасына кол салган болосуз.

Шириндик, халва
Динге болгон ишеним. Тазалык. Түрмөдөгү адамдын эркиндикке чыгышы. Алыс жолго чыккан адамдын кайтып келиши. Ооруган адамдын сакайышы. Бойдок жигитин үйлөнүшү, илим-билим. Куран жана киреше. Ислам жолунда табылган акча. Жашоонун жакшырышы, кыжаалатчылыктан кутулуу.

Өтүкчү
Өтүкчү ортомчуну билдирет. Аялдардын ишин жетектеген адам. Ал ал жумуштарды ийгиликтүү соңуна жеткирет жана көзөмөлдөйт.

Чөп
Чөп чыкпаган жерге белгисиз өсүмдүк чыгып калса. Ошол жердин ээси менен туугандык байланыш түзүлөт. Жашыл чөп, динге болгон ишинимдеги тазалыкты билдирет. Жашыл чөптү колдо кармоо-түшүмдүн жакшылыгы. Кембагал киши өзүн чөптүн арасында болгонун көрсө, ал байып кетет. Ар кандай чөп-түшүнбөстүктөр.

Сандар
Коркуу сезими, кыжалатчылык, иштеги кыйынчылыктар.

Күчүк
Жакшы көргөн балаңыз. Күчүк-таштанды баланы да билдирет. Кара күчүк көргөн адам үй- бүлөсүн башкарат. Ак күчүк-анын динге болгон ишеними.

Жигит
Күчтүү душман. Чачы сары жигит-ачык жушман. Чачы карасы бай душман. Часы кызгыл сары жигит-сыйды билбеген душман. Түшүндө жигиттин артынан ээрчиген адам душманына жеңилет. Түшүндө жигит карыяга айланса, адам акылдуу, тартиптүү боло калат.

Теринин жара болушу
Байлыктын келишин билдирет.

Жумуртка
Аялды билдирет. Эгер жумурткалар идиштин ичинде болсо, кыздарды билдирет. Бышырылган жумуртка- бүтпөй жаткан иштердин бүтүшү. Бышырылган жумуртканы жеп алгандык байлыктын келишин билдирет. Бышпаган жумуртка – туура эмес жолдор менен табылган байлык.
Тоок жумуртка тууса, балалуу болот. Сырты арчылган жумуртка-таза, туура тамактанууну билдирет. Жумуртканын сыртын жеген адам мүрзөлөрдө уурулук кылат. Кимдин аялы түшүндө жумуртка тууса, анын баласы динге ишенбеген бала болот. Эгер адам түшүндө тооктун астына жумуртка коюп, андан жөжө чыкса, динге ишенген бала туулат. Канча жөжө чыкса ошончо балалуу болот. Ким бышырылбаган көп жумуртка көрсө, ал байлыгын жоготуудан коркот. Кээ бир түш жоругандар ким түшүндө жумуртка алса, уулду болот дешет. Чоң жумурткалар уулду, кичинеси кыздарды билдирет.