Эгемендүүлүгүбүзгө – 30 жыл
Белгилүү журналист, котормочу Болотбек Жумабаев да кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн биринен болуп саналат. Ошондуктан, ага жолугуп, эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз басма сөзүнүн өнүгүп-өсүшү, басып өткөн жолу туурасында пикир алышып кайттык.
— Боке, эгемендүүлүк жылдарында Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүндө узак жылдар бою жооптуу кызматтарда иштеп келдиң жана өлкөбүздүн мамлекеттик жана эркин басылмаларынын калыптануу, торолуу мезгилдерине күбө болдуң. Ошондуктан, артка кылчая карап, басып өткөн жолубузга бир аз саресеп салып өтсөк кантет…
— Эгемендүүлүк – элибизге Жараткан бизге ыроологон, асмандан түшкөн чоң тартуу болду көрүнөт. Анткени, турмушубузду түп-тамырынан бери башка нукка бурууга даңгыр жол ачты. Анын шарапатын менимче биз азырынча толук аңдап биле элекпиз. Алсак, биз өз алдынча мамлекет катары түтүн булатып калдык. Жеке менчикке кеңири жол ачылды. Элибизге менчикке жер таратылды. Жеке ишкердикке мүмкүнчүлүк берилди. Санай берсек шарапаты абдан көп. Бирок, мен басма сөз жаатында кеп кылайын. Эгемендүүлүктүн эң башкы жетишкендиги эркиндик, анын ичинде басма сөз эркиндиги болуп калды десем жаңылышпайм. Басма сөз ушул жылдардын аралыгында көп баскычтардан өттү. Мурда колдонулбаган жаңы технологиялар пайдаланылып, интернет басма сөздүн кыйырын кеңейтип, мүмкүнчүлүгүн арттырды. Бул абдан жакшы көрүнүш. Биз, кыргызстандыктар бул жагынан дүйнөлүк маалымат тармагынан пайдаланууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алдык. Басма сөз эркиндиги жакшы көрүнүш болгону менен мунун экинчи жагы да бар экен. Эркиндиктин экинчи жагы – жоопкерчилик, мамлекеттеги мыйзамдарды урматтоо. Ушул жагынан келгенде биз, чынын айтканда, көп оош-кыйыштарды баштан өткөрүп жатабыз. Эркиндикти ээн ооздук менен чаташтырып алгандар арабыздан көп чыкты. Экинчиден, басма сөздү, сөз эркиндигин жеке кызыкчылыктарга пайдалануу сыяктуу терс көрүнүштөрдөн арыла албай жатабыз. Басма сөздү ур-токмок, кысым көрсөтүү куралы катары пайдалангандар четтен чыкпадыбы. Бул менимче коомубуздун жалпы өнүгүү деңгээлин көрсөтүп турат. Анткени, журналисттер – коомубуздун бир бөлүгү. Коомубуз азыр кыйла кеселдерге чалдыгып – мамлекетибизди коррупция туташ чырмап, бийлик жакшы жашоонун каражатына айланып калганда чыгармачыл калемгерлер четте кала алмак беле. Басма сөз дагы барып-келип эле жем ыргыткан айрым топтун же айрым адамдын кызыкчылыгын коргоп калган жагдайлар аз эмес. Менимче, мындай кырдаал ар бир жаш мамлекеттин калыптануу мезгилине мүнөздүү көрүнүш. “Көч жүрө-жүрө түзөлөт”, — демекчи, мындай заманды дагы басып өтүш керек окшойт. Азыркы шартта – элибиздин турмушун жакшыртмайын, экономикабызды өнүктүрмөйүн руханий тармагыбызды келечектүү жолго салышка чамабыз жете элек сыяктуу. Бирок, бул иш мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү милдет деп ойлойм. Анткени, биз материалдык турмушубузду жакшыртабыз деп жатып, моралдык көп баалуулуктардан кол жууп калышыбыз ыктымал. Анда коомубуздун моралдык ахвалы абдан кейиштүү болуп калаары талашсыз. Мына ушул нерсе абдан кооптуу.
— Көп эле Президенттер менен иштешип калгандыктан алардын ар биринин жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган мамилелери, көз караштары кандай болгондугун жакшы билсең керек…
— Абдан жакшы суроо бердиңиз. Албетте, ар бир мамлекет башчынын басма сөз боюнча өз көз карашы болот, ошого жараша мамилеси түзүлөт экен. Аны майдалап айтып олтурсак, узак кеп болчудай. Бирок, менин көп жылдык байкоо тажрыйбам көрсөткөндөй, бийлик башына келген жетекчилерге мүнөздүү бир нерсе – басма сөздү кол баласындай кабыл алганы. Айрыкча бийлигин чыңдап алгандан кийин. Кайда багыттасам басма сөз ошол жакка бурулат деп түшүнүшөт. Айрымдары аны өз бийлигин жүргүзүүгө көмөкчү катары кабыл алышат. Кээси болсо өзүнүн имиджин жакшыртууга, эл арасында кадыр-баркын сактап турууга пайдаланышат. Кандай болгон күндө дагы эгемендүүлүк жылдары басма сөз коомубузда өз ордун ээлегенге жакшы аракеттерди көрдү. Айтор, басма сөздүн коомго кызмат кылаар мүмкүнчүлүгү али толук пайдаланыла элек. Бул абдан олуттуу маселе. Бул багытта мамлекеттик деңгээлде саясат жүргүзүү зарылчылыгы бар деп ойлойм. Анткени, мамлекет биринчи кезекте өзүнүн коопсуздугун, маалыматтык чөйрөдөгү коопсуздугун ойлонууга тийиш. Менимче, азыркыга чейин бул багытта мамлекеттик деңгээлде ырааттуу иштер жасала элек. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, басма сөз коомубузду алдыга өнүктүрүүдө, мамлекеттик саясатты ишке ашырууда жалаң эле оппозиция эмес, өнөктөш жана көмөктөш да экендигин түшүнүүчү мезгил бышып жетилди.
— ЖМКлар, журналисттер менен иштешүү жеңил болбосо керек. Өкмөттүк жана эркин же оппозициялык маанайдагы басылмалардын ортосундагы айырмачылыктар эмнеде турат деп ойлойсуң?
— Чындыгында журналисттер менен иштешүү абдан түйшүктүү. Бирок, журналисттер менен алардын тилинде сүйлөшө алсаңыз, иштешүү жеңил. Журналисттер негизи бийликке, бийлик өкүлдөрүнө оппозициядагы адамдар эмеспи. Алар үчүн эң негизги нерсе – маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү. Эгерде сиз ошол мүмкүнчүлүктү ачып берсеңиз, алардын негизги талабын аткарган болосуз. Ал эми фактыларды кандай жагдайда тартуулоо – журналисттин жеке көз карашына байланыштуу.
— Деги эле бүгүнкү күндөгү сөз жана басма сөз эркиндигине, анын оош-кыйыштарына, деңгээлине мурдагы аппаратчы катары кандай баа бересиң?
— Чынын айтсам, азыркы учурда мамлекеттик жана эркин басылмалардын ортосунда олуттуу деле айырмачылыктар жок болуп калгансыды. Себеби, мамлекеттик басылмаларда деле оюн, көз карашын эркин билдирүүгө толук шарттар бар деп ойлойм. Мурдагыдай партиялык катуу көзөмөл калбады көрүнөт. Азыр тескерисинче, оппозициялык басылмалар өз кожоюндарынын талабын канааттандыруу аракетинде чектөөгө көбүрөөк кабылып жаткандай сезилет. Кыргыз коомчулугунда чыныгы эркин басылмалардын калыптануу доору али уланып жатат.
— Президенттик Администрацияда иштеп жүргөнүңдө ойго келбеген жагдайларга тушуккан кездериң болду беле? Маселен, биз сенин синхрондук котормо жагында да өзүңдү сынап көргөн учурларың болгонун угуп калып жүрөбүз. Ошондон кызыктуу жагдайлар болсо ортого салып көрбөйсүңбү?
— Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк курултайында абдан кызык жагдайга туш болгом. Курултай Чолпон-Атада мамлекеттик резиденцияда өткөрүлгөн. Адатта мындай чоң иш-чараларда Президенттин басма сөз кызматы Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынын кызматкерлерин уюштуруу иштерине кол кабыш кылууга тартышат. Ошол жагдайдан улам мен дагы курултайды уюштуруу ишине катышып калдым. Менин милдетим курултайдын катышуучуларын залга киргизип жайгаштырып, тартипти сактоого көмөктөшүү эле. Курултай жаңы эле башталганда Президенттин басма сөз кызматкерлери ары-бери чуркап калышты. Көрсө, орусчага синхрондуу котормочу какап-чакап, которо албай калыптыр. Ал кезде премьер-министр Николай Тимофеевич Танаев болчу. Орусча синхрондуу котормо жок, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов баш болуп чуру-чуу түшүп калышты.
“Болот байке, тез арада котормочу таппасаңыз болбой калды. Котормочубуз уят кылды”, — деп Бекжан Супатаев калдастап калды.
“Азыр котормочуну кайдан тапмак элем, өзүм эле которбосом, — десем, “которо аласызбы, анда кеттик”, — деп дагдаңдатып котормочунун кабинкесине сүйрөп жөнөдү. Мен көп жылдан бери синхрон которо элек элем, эми кандай болоор экен дегиче кабинкеге киргизе салышты. Мамлекеттик катчы баш болуп кабинкени курчап калышты. Ансыз деле өзүм сүрдөп турам, котолобой нары турсаңар, бир мүнөт өзүмө келгиче деп өтүндүм да, наушникти кулагыма илип баяндамачынын сүйлөө ыргагына ыңгайлашып, которо баштадым. Бир маалда карасам аппаратчылардын баары өз-өз иштерине тарап кетишти. Демек, синхрон которуу көндүмүн жоготпоптурмун деп ойлоп койдум ичимен. Ошентип, кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк курултайында баштан аяк синхрон котормочу болгом. Тыныгууда уксам, премьер-министр Николай Тимофеевич синхрондук котормого ыраазы болуптур. Баарынан кызыгы курултай аяктагандан кийин болду. Синхрондук котормочуга төлөнчү сыйакыны “Аппараттын баласы турбайбы”, — деп төлөп бербей коюшту. Бирок, мен анысына деле кейигеним жок…
Дагы бир кызык окуя эстен кетпейт. Бир күнү түн ортосунда уюлдук телефонум жанды койбой чырылдап калды. Кызматта биз уюлдук телефонду күнү-түнү өчүргөнгө болчу эмес. Алсам, «Азаттыктан» Бекташ Шамшиев экен. “Боке, пресс-конференцияга келсем эч ким жок. Бюро-пропусковдо дагы адам жок. Эмне, пресс-конференция болбой калдыбы?” — дейт. Көрсө, чыгармачыл Бекташ күндүзгү саат бирде болчу пресс-конференцияны түнкү бирде болот экен деп түшүнүп, Ак үйгө келип алган экен…
— Аппаратта иштесең да чыгармачылыгыңды таштабай, ыр, аңгеме, макала, китеп жазып жүрдүңбү? Же ага кол тийбей калат бекен?
— Чындыгында мамлекеттик кызматта жүргөндө чыгармачылык менен алектенүүгө убакыт жетпейт экен. Ошентсе дагы ара-чолодо калем кармаганга көнгөн адам адатын таштабайт экен. Буйруса ойдо көп жаңы чыгармачылык пландар бар.
— Котормо жагынан да өзүңдү сынап көрдүң окшойт, бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун бестселлерге айланган “Алхимик” романын кыргызча сүйлөткөнүңдү окурман журту кандай кабыл алды? Чыгармачылык жаатында алдыга койгон дагы кандай пландарың бар?
— Чыгармачылыкка окурмандар өздөрү баа берээр. Кантсе да окурман калыс болот эмеспи. Алардын талабына жооп берсек – биз, калемгерлер үчүн, албетте чоң ийгилик. Котормо боюнча айтсам, союз кулагандан бери бул жаатында көп маселелер келип чыкканы белгилүү. Кыргыз окурмандары дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын эне тилинде системалуу окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Албетте, орус тили бул кенемтени толтурууга жакшы көмөктөшүп жатат. Тилдин мааниси мына ушундай шартта билинет экен. Улуттук маданият жана адабият үчүн дүйнөлүк мыкты чыгармаларды кыргыз тилине которуу – өтө олуттуу маселе деп ойлойм. Анткени, элибиз дүйнөлүк маданияттын булагынан суу ичкенге муктаж. Бул жагдай элибиздин келечеги кең болушуна жакшы жол ачат, дүйнө таанымын кеңейтет эмеспи. Демек, бул жагынан котормонун өтөгөн милдети зор. Буйруса мына ушул багытта бир катар чыгармачылык долбоорлорду колдон келишинче ишке ашырсам деген ойлор бар.
— Учурда кай жакта элге кызмат өтөп жатасың?
— Өзүмө тааныш тармакта эле кызмат кылып жатам. Эл аралык Кувейт университетинде коомчулук менен байланыш жана басма сөз тармагын тейлейм. Айтмакчы, биздин окуу жай – республикабызда араб тилин үйрөтүү боюнча бирден бир университет. Журналистика кафедрабыз Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин ысымын алып жүрөт. Ал тургай кафедрада белгилүү акындын музейи дагы бар.
— Кайсы гезит-журналдарды көбүрөөк алып окуйсуң? Же соцтармактарга кирүү, ошол жактардан күндөлүк жаңылыктар менен таанышуу эле жетиштүү болуп калып жатабы?
— Азыр жаңылыктардын булагы интернет менен телеберүүлөр болуп калбадыбы. Дүйнөлүк, республикалык жаңылыктарды көбүнесе интернеттен алам. Адат болуп калган өңдөнөт, ансыз турмушубузду элестете албай калдык окшойт.
Таалайбек ТЕМИРОВ

