«БИСМИЛЛЯХИР РАХМАНИ РРАХИМ » – деп айтуу. Алланын туура жолунда билим алууну түшүндүрөт.
«ЛЯ ИЛАХА ИЛЛА-ЛЛАХ» – кыйналып жаткан адам айтып жатса, кыйынчылыктардан куткарылат. Кедей болсо, байлык келет.
Кур, ремень
Илим алуудагы чечкиндүү кадамдар. Кур тагынуу жашоодо кадыры бар адам менен мамиле кылууну да түшүндүрөт. Курду ортосунан кармап турсаңыз өмүрүңүздүн жарымын жашап койгон болосуз.
Кыз
Тааныш эмес бийкеч бул — жылды билдирет. Эгер жигиттин түшүнө сулуу бийкеч кирсе, ошол жылы ийгиликтерге жетет. Түшүндө кыздуу болгон адам кубанычка бөлөнөт.
Камыр
Түшүндө ким камыр кылып жатканын көрсө, тукуму көбөйөт. Эгер кимдир бирөөнүн камыр кылып жатканын көрсө үйгө киреше кирет.
Бийкеч
Ким түшүндө бийкеч көрсө, ийгилик, сүйүү, кубаныч келет. Капаланган бийкеч көргөн адам жагымсыз кабар угат. Эгер ачык кийинген бийкеч көрсөңүз, сизди туура эмес жолго багыттаган кабар угасыз. Арык бийкеч, кедейликке. Жалаңачтанган кыз көрсөңүз, соода иштериңиз жакшы болбойт. Эгер бийкеч кемпирге айланып кетсе, жашоо –турмушуңуз жакшы жакка өзгөрөт.
Карыя
Кимде-ким өзүн карыя болуп калганын көрсө, турмушта жакшы жашайт. Эгер түшүндө карыя адам каза болуп калса, кылган ишиндеги натыйжалар аз болуп кыйналат.
Тыйын, акча
Төрт алтын тыйындан көп акча кирсе, жакшылыкка жорулбайт. Эгер көп акча алсаңыз өзүңүз тууралуу жакшы кеп укпайсыз. Эгер тыйындар төрттөн аз болсо- балдарды билдирет. Күмүш тыйындар жагымдуу баарлашууну билдирет. Жалган акчалар жаман сөздөр. Кимдир бирөө сизге акча берип жатса, ал сизге сырын айтып берет. Кээ бир аалымдар кимдир бирөөдөн акча алуу жакындар менен болгон кайым айтышууну билдирет деп айтышат.