Эгемендүүлүгүбүзгө 30 жыл!
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө быйыл 30 жыл болот. Бул жылдар аралыгында өлкөдө көп өзгөрүүлөр болду. Айрыкча саясат кризистик абалга тушуккан кездер кайталанып турду. Саясат талдоочулар мындай өзгөрүүлөргө кыргыз журналистикасынын таасири бар деп жүрүшөт. Биз андыктан Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдардагы демократиялык журналистиканын чыйырын салуучулардын бири Кубан Мамбеталиевге кайрылып, өткөн күндөргө “төртүнчү бийлик” атанган журналистиканын таасири тууралуу маек курдук.
-Кубан агай сиз менен эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай маек куралы дедик. Себеби сиз 30 жыл аралыгындагы кыргыз журналистиканын абалын ичтен билген киши эмессизби?
— Жакшы болот.
-Мына өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл убакыт өттү. Бул оңой убакыт эмес. Бирок, биздин өлкө учурда изденүү менен аракеттенүү жолунда. Ушул изденүү, аракеттенүүнү калыптандырууда кыргыз журналистикасынын салымы чоң деген пикирге кошуласызбы?
— Кыргыз Республикасынын 30 жылдык тагдырына журналистиканын таасири эң бийик деңгээлде жана эң чоң өлчөмдө болду десем жаңылбайм. Таасири болбосо кандай болот элек. Анда биринчи президент азыркыга чейин бизди башкармак. Отуз жылда үч ревоюция өткөнүнө журналисттер негизги күч болуп беришти. Акыркы революцияда интернет кеңири пайдаланылды. Санап берейин, мындайды санаш да жагымдуу эмеспи. Март 2005, Апрель 2010, Октябрь 2020. Эки ажо качты, үчүнчүсү абакта, төртүнчүсү жарым-жартылай иштеди, бешинчиси аракет кылып жатат. Мунун баарына журналистика таасир берди.
— Журналист катары сиз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн кайсы жылдарды өзгөчө бөлүп карайсыз?
— “Времена не выбирают, в них живут и умирают” деп айткан экен бир акын. Кыргызчасы мындай – “мезгилди адам тандабайт, аны менен чогуу жашайт”. Андыктан, ар бир жылды өзүнчө бөлүп кароого болот. Ар бир жыл өзүнчө таасир, элес калтырат. Ар бир жыл тарых болду биз үчүн.
— Ушул мезгил аралыгында өлкө тагдырына таасир эткен саясатчылар болду да. Алар кимдер деп ойлойсуз?
-Маркум Сатыбалды Жээнбековду айтам. Аксакалдардан – Апас Жумагулов, Топчубек Тургуналиев, элестери өчпөгөн Насирдин Исанов, Дооронбек Садырбаев, Чыңгыз Төрөкуловичти бөлүп караса жарашат. Айымдардан – Чолпон Баекова, Роза Отунбаева, Чынара Жакыповалар бар. Эми дагы айта турган инсандардын тизмеси узун, бирок ушул жерден токтойлу, себеби “саясат” дегендин чегинен чыгып кетебиз.
— Биздеги сөз эрекиндигине кандай баа бересиз. Анын орду канчалык?
— Эбегейсиз чоң десем аздык кылат. Биздин саясатыбыз сөз эркиндигин орнотууга багышталган. Сөз эркиндиги саясатыбызга негизги багыт фундамент болду. Кыргыз саясаты кыргыз коомунан коркунуч сезимди жок кылды. Сөз эркиндигин орду так ушул жерде – бийлик менен коомдун ортосунда. Саясат болсо ушунун тегерегинде жүрдү да.
-Эгемендик алган жылы журналистикабыздын абалы кандай эле. Азыр кандай абалда. Салыштырып өтсөңүз?
— Эгемендүүлүк алаарга жакын калган жылдарда кыргыз журналистикасында эркин гезиттер жок эле. Бирок, мамлекеттин (компартиянын) гезиттеринде сындар акырындык менен айтыла баштаган учур болчу. Ошол жылдары менин биринчи сын макалам «Советская Киргизия» гезитине басылган, ошондо бийликке сын айтуу башталган. Ошол жылы коомдо «күтүү” сезими бар эле. Виктор Цой ырдагандай – “мы ждем перемен” деп жашаганбыз. Өлкөбүз өзгөрүүнү күтүп калган. Эгемендүүлүк алгандан кийинки кыргыз журналистикасына чыйыр 1992-жылы салынды – “Республика”, “Кыргыз Руху”, “Асаба” деген гезиттер ошол жылы түптөлгөн. Ошол жылы менин жазган макалама депутаттар каршы чыгып, мага доо арыз жазышкан. Эгемен доордун сөзгө карата биринчи арыза ошол арызы болгон. Бирок, иш сотко жеткен жок, Башкы рокурор Чолпон Баекова мени чакырып, “Экинчи минтип жазба, “аккуратно жаз” деп ишти токтотту. Макул дедим, анан сатиранын тилине өттүм, сынга фольклорду пайдаландым. Ал эми азыркы журналистиканын абалы “кыймылдуу” десем туура болот. Себеби “жакшы-жаман” деген баалар жарашпайт, журналистика аба ырайындай эмес да, бул кыймылдап турат, же кыймылдабай калат. Биздеги кыймыл отуз жылдан бери “толук кандуу” болуп келе жатат.
-Журналисттердин арасынан алгачкылардан болуп элчилик кызматка дайындалгансыз. Бул кызматка дайындоону кандай кабыл алдыңыз эле. Кандай иштедиңиз?
— Британияга элчи болуу сунушу ошол кездеги Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдон түшкөн. Анан президент Курманбек Бакиев чакырып, Лондондогу элчиликке элчи болуп барарымды айтты. Макул дедим. Журналист болсом да жакшы иштедим. Ал кездерде Британияда бир жакшы долбоорду ишке ашыргам. 2006-2010-жылдары Британиядан “Таза суу” долбоору боюнча грант катары 20 миллион доллардан жыл сайын берилип турду. Грант катары, кредит эмес. Бул чоң жетишкендик. Андан сырткары үч жыл Лондондон дипломаттар стажировкадан өтүп турушту. Бул менин демилгем менен ишке ашкан. Менин Британиядагы элчилик миссиям аяктаган соң бул иштер да токтоду.
-Учурда журналистика интернетке 100 пайыз байланды. Сиз буга кандай карайсыз?
— Интернет дүйнөнү курчап алса, кантип байланбайт. Радио жаралган, ошого байланган. Телевидение чыкканда, ошого чырмалган. Эртең интернеттен да алдыңкы нерсе пайда болсо, так ошого байланып калат. Журналистика маалыматсыз жашабайт. Саясат журналистиканы четке кага албайт, себеби ал дагы маалыматка таянат. Андыктан, тиги сайтты, бул сайтты ооздуктайбыз, сөздү “тазалайбыз” дегендер ийгиликке жетишпейт. Себеби саясат, журналистика жана интернет аларга багынбайт.
Эми жакынкы күндөрдө 30 жылдыкты белгилейбиз деп турабыз. Учурдан пайдаланып каалоо-тилектеримди айта кетейин. Азыркы бийлик Кумтөрдүн маселесин аягына чейин чыгарып, 2012-жылы кендер боюнча жазылган мыйзамды оңдоп, мамлекеттин казынасына (улуттук банкка) алтынды куйма катары толтуруп, акция менен пайыз деген шылуундук нерседен кутулуп калсак дейм. Бешинчи президент мүдүрүлбөсүн, мурунку ажолордун эстафетасын улабасын деп, ийгилик каалайм. Жерибиз сатылбасын, элибиз алданбасын, мамлекетибиздин экономикалык абалы чыңдалсын. Эр жүрөктүү саясатчыларыбыз аман болушсун, мезгилден эрте кетишпесин. Журналисттерде “кыймыл” болсун дейм.
Жазгүл Кенжетаева

