Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Жигитали Жумалиев билдирди. Анын айтымында азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында быйыл дыйкандардан мамлекет буудайдын бир килосун 30 сомдон баалап, 20 тоннадай буудай сатып алат. Андан тышкары министрлер кабинетинен кылкандуу дан эгиндери жана май чыгаруучу өсүмдүктөрдүн үрөнүн алууга акча каражаты каралып жатат. Бул кадамдар дыйкандарды колдоо багытында жасалып жатат.