"Эркин-Тоо"
Саясат

Садыр Жапаров Тажикстанга барат

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрь күнү Тажикстандын борбору Душанбе шаарына расмий иш сапары менен барып, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун сессиясына катышат. Уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Ал эми 17-сентябрда Душанбеде ШКУнун саммити да өтмөкчү. Президенттердин жолугушуусуна Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Өзбекстан, Беларусь, Ирандын президенттери, жана Пакистандын өкмөт башчысы барат.

Иш-чарада ШКУга жаңы жетекчи тандоо маселеси каралып, уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясы кабыл алынат.