Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри.
Кичи мекени: Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бейшеке айылы;
Туулган жылы: 1967-жылдын 18-майы;
Билими: Жогорку. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Унаа жана унаа чарбалык» автоунаа куруу бѳлүмүн;
2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык бѳлүмүн;
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1991-1992-жж. №4 Бишкек жүргүнчүлөр автопаркынын жетектөөчү адиси, бөлүм башчы, директордун орун басары;
1992-1994-жж. Кыргыз Республикасынын илимдер академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.
1994-1995-жж. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын илимий редактору;
1995-1996-жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгы, үчүнчү жана экинчи катчы;
1996-1999-жж. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия), Башкы консулдун орун басары;
1999-2005-жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Консулдук кызматтын Башкы башкармалыгынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, жетекчинин орун басары, жетекчиси;
2005-2009-жж. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консул кызматы;
2009-ж. январь-октябрь — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
2010-ж. апрель — Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмѳтү, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу;
2010 — 2012-жж. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
2012-ж. октябрь-ноябрь Бишкек шаардык кеңеши, «Республика» саясий партиясынан депутаттыгына талапкер;
2015-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышы, «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын депутаты;
2020-жылдын 13-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри.

