Билим берүү жана илим министри.
Кичи мекени: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Соколовка айылы;
Туулган жылы: 1959-жылдын 25-октябры;
Билими: Жогорку. Кыргыз мамлекеттик университетин 1986-жылы аяктап, орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1976-1978-жж. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген.
1978-1980-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1980-1986-жж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган.
1986-1989-жж. Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;
1989-1991-жж. Фрунзе шаарынын №69 орто мектебинин директорунун орун басары;
1991-1996-жж. Бишкек шаарынын №36 орто мектебинин директору;
1996-2002-жж. Бишкек шаарынын №69 мектеп-гимназиясынын директору;
2002-2004-жж. Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;
2004-2005-жж. Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2005-2007-жж. Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;
2007-2008-жж. Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;
2008-2009-жж. Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;
2009-2010-жж. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2021-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түндүк региондору боюнча департаментинин жетекчиси;
2021-жылдын 5-майынан тартып Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

