Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө. Кеңешмеге КР Президенти Садыр Жапаров катышып, экономикалык катаал шартта бардык бийлик органдарынын иш-аракеттерин координациялоо, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу маселеси негизги планга чыкканын айтты.
“Мамлекеттик башкарууну оң жолго салмайынча кайсы гана тармак болбосун, кыска мөөнөттө элибиздин купулуна толо турган жыйынтыктарга жетишүү дээрлик мүмкүн эмес. Мен региондорду кыдырып, эл менен жолугушуу учурларында ушундай пикирге келдим. Анткени азыркы учурда аркыл тармактарда сунушталып жаткан реформалардын жыйынтыктары карапайым калкка толугу менен жетпей жатат! Калкыбыздын көптөгөн көйгөйлүү маселелери тийиштүү деңгээлде чечилбей калууда. Бир эле фактыга токтолуп кетейин. Мурунку жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы жарандардын кайрылууларынын саны эки эсеге көбөйгөн. Президенттин Администрациясына былтыркы жылдын он айында 5800 кайрылуу келип түшкөн болсо, ушул жылдын тогуз айында эле 10500 дөн ашык кайрылуу келип түшкөн. Мындай көрүнүш — жер-жерлерде маселелердин өз маалында чечилбей, жергиликтүү чиновниктердин жарандардын маселелерине көңүл кош мамиле жасагандыгынын натыйжасы. Ишке болгон мындай мамилени токтотушубуз керек”, — деди мамлекет башчысы.
Бул багытта борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы ажырымды жокко чыгарып, кабыл алынган чечимдер жер-жерлерде өз маалында аткарылуусу керектигин айтты.
“Жергиликтүү жетекчилер күнүмдүк ишинде формалдуулукка жол берип, курулай отчётторду берүүнү көнүмүш адатка айландырып алдыңар! Көпчүлүк учурларда жергиликтүү бийлик өз жашоосу менен алек, эл өз жашоосу менен алек болуп калды! Ар бир бийлик бутагы өздөрүнүн ыйгарым укуктарын толугу менен билип, алардын аткарылышына жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана оң жыйынтык чыгаарына барыбыздын көзүбүз жетип турат. Бирок бүгүн мындай көрүнүш дээрлик байкалбайт!
Башкаруунун формасы өзгөрүлгөнүнө карабастан, мамлекеттик органдардын иштөө ыкмалары, чечимдерди кабыл алып, аларды ишке ашыруу мурдагыдай эле эскиче жүрүп жаткандай”, -деди Жапаров.
Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын иш аракеттери аймактарды өнүктүрүүгө жана элдин жашоо сапатын жогорулатууга багытталышы керектигине токтолуп, бул багытта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынганын айтып, анын негизинге район акимдерине тиешелүү укуктар берилгенин баса белгиледи.
“Эми ыйгарым укуктардын негизинде жигердүү иштөөгө мыйзамдык шарт түзүлдү. Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар. Себеби ар кандай шылтоо айтууга эми негиз жок. Анткени мыйзам менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдерге бир топ кошумча ыйгарым укуктар берилип жатат! Ал укуктар көптөгөн маселелерди райондук деңгээлде чечүүгө шарт түзөт. Аталган мыйзамдар күчүнө киргенден баштап, урматтуу жетекчилер, өзгөчө райондук жетекчилер иштөө ыкмаңарды өзгөртүп, жаңыча иштеңиздер! Элдин көйгөйлүү маселелери райондо чечилиши керек! Мындан ары жер-жерлерден келген кайрылууларды жергиликтүү бийликтин кемчилиги катары кабыл алып, тиешелүү чараларды көрөбүз!”, -деди Садыр Жапаров.

