"Эркин-Тоо"
Саясат

Президент “Санарип аймак” тутуму аймактарда иштебей жатканына нааразы болду

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү багытындагы жасалган иштер тууралуу айтты.

“Дүйнө жүзү санариптештирүүгө өтүп жаткан мезгилде мамлекеттик башкаруудагы иш процесстерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп келет. Бул багытта мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, жер-жерлерде иштер аткарылган. Өзгөчө, айыл жергесинде муниципалдык кызматты жеткиликтүү кылуу максатында бардык айыл өкмөт жана айрым шаарларда “Санарип аймак” тутуму ишке киргизилген”,- деди ал.

Президенти“Санарип аймак” тутуму ишке киргенине бир жылдан ашса дагы, айрым көйгөйлөр бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатканына нааразы болду.

Ал Нарын, Баткен облустарынын айыл өкмөттөрүндө зымдуу интернет тутумунун жоктугунан интернет байланышынын сапаты төмөн болуп, тиешелүү маалыматтар так жана толук берилбей маалымат алмашуу үзгүлтүккө учурап жатканын айтты.