Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды түйшөлткөн энергетика маселесине токтолуп, электр энергиясы Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан келишимдердин негизинде Кыргызстанга берилип жаткандыгы тууралуу айтты.
“Биз электр энергияны кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы импорттолуп келет экен. 2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден “күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, “Токтогулдагы” суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Ошондуктан алар да бизге электроэнергиядан, ун буудай, жана башка азык-түлүктөн жардам берип жатат”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы жакында Казакстандан 10 миң тонна ун, Өзбекстан 3 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам катары келгенин айтты.
“Биз өзүбүздү азык-түлүк менен толук камсыздай албайбыз.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат”, — деди ал.
Президент мындан тышкары электр жарыгын үнөмдөп колдонбогон жарандар тууралуу оюн төмөнкүчө билдирди:
“Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон 25 сомго чейин болгондо, башкача мамиле кылышмак!”, -дейт Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бюджеттик мекемелер тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү чаралар иштелип, калк арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек.
“Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз деп турабыз”, — деди Садыр Жапаров.