"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

С. Жапаров: “Партиянын ичинен өзүңөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер”

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде, Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрда өтө турган Парламенттик шайлоо, шайлоо өнөктүгү тууралуу айтты.

Президент өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизе турган маселе — бул алдыдагы шайлоо кампаниясы деп белгилеп, шайлоо өнөктүгү кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштурулушу керектигин билдирди.

“2020-жылдын октябрь айында өткөн мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлерде ачык эле колдонулган административдик ресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек. Бардык болуп өткөн шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды.  Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылам”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы алдыдагы шайлоо таза өтөт деп кепилдеп, ал үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи.

“Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү  эле жооп берип калбайт. Райондук милиция, же райондук билим берүү бөлүмү же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына тартылап иштеген болсо, эскертип коеюн, жазасыз калбайт!”, — деди Жапаров.

Президент мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү  күчөтүү аркеттерин көрүүнү Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырды.

Мамлекет башчысы мындан тышкары калкты добуш сатууга каршы турууга чакырды.

“Бул жолу сиздерге парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке көпчүлүк – силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп деле көп добушка ээ болсо, биринчилерден болуп келе беришет”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы партиялык тизме, бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.

“Бул багытта маалыматтык бюллетендер, слайддык материалдар теле-радио, гезит жана башка маалымат каражаттары аркылуу шайлоочуларга жеткирилип, шайлоо маалында бул маселе боюнча көйгөй жаралбасын”,- деди Садыр Жапаров.