"Эркин-Тоо"
Коом

Кыргызпатент республикалык адабий конкурс жарыялады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) балдар жана жаштардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү максатында “Саамалык –16” республикалык адабий конкурсун жарыялайт. Конкурстук чыгармалар 2021-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин кабыл алынат.

Конкурстун шарттары:

  • Кыргыз же орус тилдеринде эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар болууга тийиш;
  • Кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда окуган (иштеген) жери жана дареги жазылуусу керек;
  • Конкурска 30 жашка чейинки авторлор катыша алат.
  • Чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт;
    Конкурстун жыйынтыгы 2021-жылдын декабрь айында чыгарылат, тандалып алынган чыгармалар жыйнакка топтоштурулат.
    Конкурстун жобосу менен www.patent.kg же http://fund.patent.kg/ сайттарынан таанышып чыгууга болот.
    Конкурска Жобонун №1тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 1-декабрга чейин Катчылыктын fund@patent.kg электрондук почтасына же болбосо Кыргызпатенттин дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү, №62ге жөнөтүү керек.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор:
(0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29