Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 5-ноябрда түнкүсүн аба-ырайы кескин өзгөрөт. Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
5-6-ноябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…-7°
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8°
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.