Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго таандык “Шамбала” тасмасынын гала аземи Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлдү.
Чет өлкөлөрдө бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, 24 сыйлыкка ээ болгон “Шамбала” тасмасынын айрым жерлерине оңдоолор киргизилип, элге кайрадан көрсөтүлдү.
Аземдин башында тасманы тартуу иштери, эл аралык сынактардагы жеңиштери жөнүндө кыскача баяндоолор болду.
Иш-чарага аталган тасмада роль ойногон актёрлор: Артур Аманалиев, Насрет Дубашев, Талант Апыев, Жамиля Сыдыкбаева, Таалайкан Абазова жана тасманы жараткан жалпы чыгармачыл топ да катышты. Мындан сырткары, коомдук ишмер Роза Айтматова, КТРКнын директору Кайрат Иманалиев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилери, маданият тармагынын өкүлдөрү катышышты.
Аземдин жүрүшүндө режиссёр Артыкпай Сүйүндүковго “Коркут-Ата” түрк дүйнөсүнүн кинофестивалынан алынган “Эң мыкты режиссёр” сыйлыгы тапшырылды. Ошондой эле, Кайрат Иманалиев КТРК телерадиосунун төш белгиси менен сыйлады.
Аталган тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган. Бирок кино окуя, сюжет, стиль жагынан “Ак кеме” фильминен да, повесттин өзүнөн да бир топ айырмаланып турат. Тасманын жалпы философиясында Айтматовдун ою берилгени менен чыгармачыл топ бүгүнкү турмушту чагылдырган.
Белгилей кетсек, тасма 2020-жылы тартылган.




