"Эркин-Тоо"
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилер Чаткал районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга 300гө жакын жергиликтүү тургундар катышып, аймактагы бир катар  көйгөйлөрдү көтөрүштү. Анда алыскы райондо жеткиликтүү медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн жоктугу, укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине, тергөө сапатынын начардыгына болгон нааразычылыктары белгиленди. Мындан сырткары аймактагы кен иштетүүдөгү чырлуу жагдайлар, таза суу, Ала-Бука–Каныш-Кыя жолун оңдоо, ички каттамдагы сапатсыз курулган жолдор жана жеке маселелерин айтышты.

Бакыт Төрөбаев жолугушууларда көтөрүлгөн  ар бир маселе объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын маалымдады. Эл менен жолугуу жана анын натыйжалуулугуна жетүү президенттин жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи. Жолугушуу алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ала-Бука–Жаңы-Базар жолунун беш чакырым аралыгын асфалттоо, Ак-Таш, Сумсар, Курулуш жана Терек-Сай айылдарына таза суу жеткирүү боюнча долбоор бекитилгенин билдирди. Ошондой эле аймакты Талас облус менен бириктирүүчү каттамды жакшыртуу аракети көрүлөөрүн айтты. Мындан сырткары аткарылуучу бир катар ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Чаткал районунун тургундары көтөргөн көйгөйлөрүн эске алуу менен алдыда кен казууга берилген лицензиялар, чачыранды кен казуу жана жол оңдоого байланыштуу коррупциялык аракеттерди териштирүү иштери жүрөөрү айтылды.