"Эркин-Тоо"
Кыргыз Республикасынын Президенти

Таалатбек Масадыков ЕККУнун катчылыгынын башчысынын орун басары Туула Юрьёля менен жолугушту

19-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков ЕККУнун конфликттердин алдын алуу борборунун директору жана ЕККУнун Катчылыгынын башчысынын орун басары Туула Юрьёля менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ЕККУнун алкагындагы регионалдык кызматташтык жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУ чөлкөмдөгү мүмкүн болуучу чыр-чатактарды алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар аймактык чакырыктар жана Афганстандагы кырдаалдын мүмкүн болуучу өнүгүшү боюнча пикир алмашышты, ошондой эле региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти.