"Эркин-Тоо"
Пресс

ОМОШЕВДИН ДЕМИЛГЕСИ БАШКАЛАРГА ДА ЖУКСА…

Ротациянын эпкини менен Сузактан Кочкор районуна туурга келип конгон аким Эрмекбай Омошев ушул күндөрү касиеттүү кара Кочкор аймагы үчүн колунан келишинче бир нерсе кылуу менен алпурушуп жүрөт. Жакында Кочкор районундагы окуучулар арасында шахмат турнири болуп, кызыгы аким өзү баш болуп жаш жеткинчектер менен оюндун кызыгына батканы, соңунда ойноп алып баса бербей, жеңүүчүлөргө жеке куржунунан баалуу белектерди бергенинен кабардар болдук. Эми колунан келсе чоң-чоң турнирлерди өткөрүп, шыктуу улан-кыздарды колдой берсин да, туурабы? Оюндун кызыгына батып, райондогу башка көйгөйлөрдү унутуп калбаса болду да башкысы.