Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну жактырды. Мыйзам долбоору боюнча Финансы министринин орун басары Руслан Татиков маалымат берди. Программа дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан каатчылыктын калктын, өзгөчө аялуу катмардын кирешелерине, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жана макроэкономикалык туруктуулукка терс таасирин азайтууга багытталган. Бул программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоого 50 млн доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтөт. Анын 25 млн доллары грант жана 25 млн доллары насыя.

