2022-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө графигине ылайык, өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталган. Эмдөө башталгандан бери 139 миң 311 өспүрүм кыз эмдөөдөн өттү. Бул тиешелүү курактагы кыздардын 58%ы эмдөөдөн өткөнүн билдирет. Булар туурасында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чыныбаева менен Эмдөө жана иммунизация боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) өлкөлөрүнүн Улук башкаруучусу Смита Сингхтин жолугушуусунда сөз болду. Смита Сингх Кыргызстанда жүргөн акыркы үч күндүн ичинде адамдын папиллома вирусуна каршы кыздарды эмдөөнүн жыйынтыгына ыраазы болгонун айтып, кыргыз тарап менен мындан аркы ийгиликтүү кызматташуу ниетин билдирди.
Бегим ТУРДАЛИЕВА

