"Эркин-Тоо"
Пресс

АБАНЫН БУЛГАНЫШЫ АВТОУНААДАНБЫ?

Шаарыбыздын экологиясын кантип тазартабыз деген суроо бүгүн кабыргасынан коюлуп турган чак. Кечээ парламентте да ушул маселе көтөрүлдү. Белгилүү болгондой Министрлер Кабинети 450 млн сомго электромобилдерди сатып алууга ниеттенүүдө. Муну менен элге үлгү көрсөтүүнү да көздөп жатышат. Бирок шаардын экологиясы кыш мезгилинде гана мүмкүн болчу нормадан ашып, дүйнөдөгү эң таза эмес шаарлардын катарына кошулуп калууда. Демек, шаардын экологиясы автоунаалардан эмес, калктын үйдү жылытуу үчүн колго урунган отундарды пайдалангандан жана ЖЭБге сапаты начар көмүрдүн жагылуусунан көбүрөөк жабыркап жаткандай. Андыктан маселенин мына ушул жагын да эске алганыбыз туура болот.