Өткөн аптада Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапары менен барып өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышып келген. Араб дүйнөсү менен мамилелер жолго салынып, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо иштери башталганы турат. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында сөз болду. Ошондой эле келерки жылдын 1-февралына карата бардык товардык агымдарга талдоо жүргүзүлүп, 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бажы чөйрөсүн модернизациялоо программасы сунушталат. Мындан тышкары келерки жылы күн электр станциясын куруу иштери башталат. Алгачкы 200 мегаватттык станцияга келчү инвестиция болжол менен 180 млн долларды түзөт. Кошумчалай кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлуп, алар эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында каралган.

